Социалдык тармактарда күзгү жалбырактарды өзгөчө ыкма менен чогултуп жаткан жарандын видеосу тарады. Окуя Латвиянын борбору Рига шаарында, Көркөм сүрөт академиясынын алдында болгон.
Короону тазалап жаткан адам саргайып жерге түшкөн жалбырактардан кооз көрүнүш жасады.
"Айрым адамдар искусствону музейлерден жана галереялардан издешсе, Ригада аны көчөдөн жаратышат. Латвия көркөм сүрөт академиясынын короосундагы кадимки күзгү тазалоо иши чыныгы арт-перформанска айланды",- деп жазышкан күбөлөр.