ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги катуу шамалдан улам бак кулап, жеңил унааны басып калды

Бишкектеги катуу шамалдан улам бак кулап, жеңил унааны басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG  порталына кабарлады.

Анын айтымында, катуу шамал 20:00 чамасында башталган. Анын кесепетинен Панфилов сейил багында бир бак кулап, Тойота Ист унаасын басып калган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
A3A
2015-06-08 21:48:01
Кудай сакта!
Чооң тал кулаптыр го, шамал катуу болгон го?
0
make2
2015-06-08 21:48:15
Жаман болду Фучка Киевскийде 5 этаждын крышасы учуп эки адам аз жерден эле калды,хонда сабер машинасын талкалады
0
bazar
2015-06-08 21:51:00
Коргон дубал кулап "мерседес" машина талкаланды.
0
Gema
2015-06-08 22:30:24
Тоголок Молдодо чоон эки терек тен кулап бир уйду басып калыптыр,эн негизгиси жертва жок болгонуна шукр!
0
maks94.kb
2015-06-08 22:50:47
Кудай апатын берем десе 1 секунд экен абдан эле катуу болду советскийде журуп бараткан унааны бак басып калыптыр
0
Arsen.D
2015-06-08 23:12:40
тынчылык аманчылык болсун.
0
beka027
2015-06-08 23:52:41
Э кудаа Кыргызстан жергесинде эмнелер эле болуп жатат?
0
sagynbek89
2015-06-09 00:01:04
Ооо шыйпырларды кагаздай гана учурганын коруп тан калдым. Чын кудайды тааныбагандарды таанытты окшойт бул шамал. 1секундда эле алаамат кандай болуп кетээрин тушунушкондур.
0
malika79
2015-06-09 09:09:03
ошон учун адамдар кудайды бар экенин билип нормально журуш керек , элдин пейилинде да , ошон учун катуу болду анча мынчаларга эскертуу болду да,
0
malika79
2015-06-09 09:10:11
чондорубуз , элдерибиз онолмоюн ушундай боло берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан