
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы кыргыз калкынын улуттук сыймыгы, алп жазуучу
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жерге берилген. Жазуучу менен коштошууга миңдеген кыргызстандыктар келип, Чыңгыз Айтматовдун чеберчилигине акыркы ирет таазим кылышкан. Атактуу жазуучунун керээзине ылайык, Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык музей-комплексине коюлган.

* Мындан 87 жыл мурун, 1928-жылы латын-америкалык революциячы, Кубанын туңгуч өндүрүш министри, күрөштүн символу болуп калган
Эрнесто Че Гевара Аргентинанын Росарио шаарында архитектордун үй-бүлөсүндө төрөлүп, 1967-жылдын 9-октябрында атылып өлтүрүлгөн.
Көп жылдар бою анын көмүлгөн жери жашыруун болуп, арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана Ченин сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү билинген. 1995-жылы боливиялык армиянын генералы Че Гевара аба майданынын учактар уча турган тилкесине катарлаш жерге, өлтүрүлгөн эле жерге коюлганын билдирген. Эки жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканынын 30 жылдыгына карата сөөгү эксгумацияланып, мекени Кубага жиберилген. Азыр анын сөөгү өзүнүн күмбөзүнө коюлган, бирок айрымдар 1997-жылы команданттын өзүнүн сөөгү коюлганына ишенбей да келишет.

* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы АКШнын экрандарына
Уолт Диснейдин "Бэмби" мультфильми чыккан. “Бэмби” мульттасмасы австриялык журналист Феликс Зальтендин ушундай эле аталыштагы эмгегинин экрандаштырылганы.
1923-жылы Альпы тоолоруна саякат учурунда ага бир чаарчык байыр алат. Колунан тамак жеп жүргөн чаарчыкты бир күнү мергенчилер атып өлтүрүшөт. Адамдардын таш боордугуна кейиген Зальтен “Бэмбини” жараткан. 1933-жылы “Бэмби” деген китепти окуп, аны тасмага айлантуу үчүн автордук укукту Сидней Франклин сатып алган. Алгач ал кадимки тасма тарткысы келген, бирок салттуу тасма менен окуяны ийине жеткире бере албасын сезип, 1935-жылы “Уолт Дисней” студиясына анимациялык тасма тартуу сунушун киргизген. Тасманын сүрөттөрүн Тайрус Вонг тарткан.
"Бэмби" "Оскар" сыйлыгына үч номинацияда ("Мыкты ыр", "Мыкты үн" жана "Мыкты музыка") көрсөтүлүп, байгеге илинген эмес. Абройлуу сыйлыктардан 1948-жылы "Алтын глобуска" татыган.

* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы Гаитинин президенти
Франсуа Дювалье “түбөлүк президент” деп аталган. Ал элин коркутуу максатында өзүн Гаитидеги эски сыйкырчы топтордун башчысы катары сүрөттөгөн. Ал тургай Америкада Жон Кеннединин администрациясы Дювальени өкүмдарлык боюнча сындай баштаганда, Кеннединин турпатын элестеткен куурчакты ийне менен сайгылаган. Көп өтпөй Кеннеди өлтүрүлүп, анын өлүмү Дювальенин сыйкырынан улам болду дегендер чыккан.