Биз социалдык тармакта

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын Тоң райондук партиялык конференциясы өтөт

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын райондук жана облустук конференциялары уланууда. Кечээ эле Талас облустук конференциясын ийгиликтүү өткөрүп келишкен "ата мекенчилер" 18-июнда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда конференция өткөрүшөт.

Партиялык конференцияны уюштуруучулардын бири Октябрь Абдрахмановдун айтымында, аталган
иш-чарага райондун 200дөн ашык активдүү "ата мекенчилери" жана жактоочулары катышып, партиялык түзүлүштүн оош-кыйышы, райондогу көйгөйлүү маселелер жөнүндө талкуулашат. Конференциянын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары Жоомарт Сапарбаев, Бакытбек Калмаматов өңдүү жаш депутаттардын катышуусу күтүлүүдө. 

Эске салсак, буга чейин мындай партиялык конференциялар республиканын район-шаарларында, Нарын жана Талас облустарында да болуп өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан