Биз социалдык тармакта

Алматыда Казакстандын биринчи крематорийи иштей баштады

Алматы шаарында Казакстандын биринчи крематорийи расмий түрдө ишин баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Жаңы объект шаардык инфраструктуранын бир бөлүгү болуп, Саламаттык сактоо башкармалыгынын алдындагы “Шаардык патологоанатомиялык бюро” ишканасынын балансына өткөрүлдү.

Салттуу көмүүгө кошумча, ыктыярдуу альтернатива катары сунушталууда. Бул жарандарга өзүнүн жеке, маданий жана диний көз караштарына жараша тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Крематорий заманбап чехиялык жабдуулар менен камсыздалып, эки кремациялык меш орнотулган. Алар көп баскычтуу тазалоо системасы менен жабдылган жана экологиялык талаптарга жооп берет.

Бир процедура орточо 2 саатка созулат. Толук жүктөмдө бир меш күнүнө 8 кремацияга чейин аткара алат.

Мекеме тарабынан процедура катуу тартипте жүргүзүлүп, документтерди текшерүү, идентификация, кремация жана күлдү туугандарына берүү этаптарын камтыйт.

Ошондой эле коштошуу залдары жана процессти атайын бөлмөдөн көрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Кызматкерлер чет өлкөдө атайын окуудан өтүшкөн.

Бийлик өкүлдөрү бул кадам Казакстанда заманбап жана экологиялык багыттагы ритуалдык кызматтарды өнүктүрүүгө багытталганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан