Ала-Букада бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар жол кырсыгына кабылып, 2 окуучу жана 1 оператор каза тапты
Ош. 29-май, 2015-жыл. Тыюу салынганына карабай мектеп бүтүрүүчүлөрү жол тандабас унаалар менен шаар кыдырышкан учур.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар жол кырсыгына кабылышты (сүрөттүн Ала-Букадагы жол кырсыгына тиешеси жок). Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 22-июнда 9-11-класстын окуучулары бүтүрүү кечесин өткөрүү үчүн Хонда Одиссей унаасында райондун борборуна жөнөшкөн. SUPER.KG порталына бүгүн, 23-июнда Жалал-Абад ОИИБинен: "1991-жылы туулган К.Өскөнбаевдин унаасы менен окуучулар Кызыл-Ата айылынан Ала-Бука районунун борбордук бөлүгүнө келе жатышкан. Саат 18:40тар чамасында айдоочу рулду башкара албай, жолдун сол жагындагы эгин талаасына чыгып кеткен. Жол кырсыгы болгон жерден 2 окуучу жана аларды видеого тартып жүргөн оператор жан берген. Каза болгондордун бири 1995-жылы туулган кыз. Мындан сырткары 1997-жылы туулган 6 окуучу ооруканага жеткирилип, экөөсү операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Унаада жалпы 9 адам болгон",- деп билдиришти.
Жаткан жери жайлуу болсун калгандарына аман есен айыгып кетишсин
0
jylywka
2015-06-23 11:38:54
Ала Бука менен Кызыл Атанын ортосунда озу авария коп болот. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Stervochka
2015-06-23 11:44:06
Мектепти бутуруу бул шунчалык чон майрамбы-машиналарда шаар кыдырып, ичимдик ичип жыргаганы. Мурда мектепте салтанаттуу линейка менен эле бутуруу кечеси болчу,эч кандай машина,рестораны жок эле. Бироонун уйуно кече уюуштурганын билсе кече уюштургандарга аттестатты бербей аябай чуркатчу. Азыр да ошондой кылып тартипти катуу кою керек. Ата-энелер,мугалимдери оздору баш болуп ресторандарда ичимдик ичип танцага тушуп жалжандашып журушот. Болоттой тартип керек кыргыздарга.Эркиндик жарашпайт.
+5
nurzada78
2015-06-23 12:01:58
Ичип алышкан бекен?
0
jetinur90
2015-06-23 12:45:47
Ушуну токтотуп эле салышса болот озу. Биз жакта жылда бир балее болот ушул выпуск. айынан. Олуп калайын деп кыйкырып атышкан терезеден жарымына чейин чыгып. Турабаевдин окуучулары...
0
suiuktuujar
2015-06-23 13:47:49
Жаткан жерлери жайлуу болсун жакындарына сабыр тилейм калгандар тезирек сакайып кетишсин.
0
jamilya03
2015-06-23 16:37:50
Ушул шаан шокот откозгон бутуруучулор жалан начар окуган бутуруучулор Жакшы окугандары шаан шокот эмес жогорку билим алыш учун жугуруп журушот
-1
deva
2015-06-23 16:42:13
Өпкөсүн колуна кармап алып айдашса керек да. Кайдан билишиптир кырсык болрун?! Жайы жаннаттан болсун каза болгондордун. Жаракат алгандар батыраак сакыйып кетишсин
0
Bera.N
2015-06-23 16:44:40
Менин классташтарым экен:( жаткан жери жайлуу болсун,калгандары батыраак сакайып кетишсин ооо кудай озун сактай кор
0
nelya88
2015-06-23 20:47:44
Bera.N, сенин классташтарындын арасында 95-жылкы кыз да барбы?Же ким ал?
0
quik_b
2015-06-23 21:16:58
одисейге 9 адам менен айланышса анда укмушко))
0
Sadyrov_n93
2015-06-23 23:02:50
Аа байкуштар десе,эми жакындарына сабыр берсин,а башкалар болсо мындан сабак алса жакшы болмок.
0
temirbek77782
2015-06-24 03:15:55
Тообо кылдым го, бирок жакшы болуптур демекмин.Ушуну корушмок,бутуруучулорго машина менен сейилдоого тыюу салынат дегенге карашпайт.Ата-энелери карашпайбы машинени эмнеге беришет балдарына?!
0
Bakyt-nuru
2015-06-24 14:56:53
temirbek77782, emnesi jakshy boluptur?
0
Bakyt-nuru
2015-06-24 14:57:22
Тилек (оператор), сагындым сени. Жаткан жерин жайлуу болсун, жашоо сени бизден болду, бирок журогубуздон сууруп ала албайт, сен ар дайым биз менен, биздин журогубуздо сакталасын досум...
0
Gulnaz.GS
2015-06-24 22:27:55
Кудайым бейиштен орун берсин.жапжаш балдарга.95жылкы кызга эмне бар деп.акылдуу болбогула.досторудур.периште болуп кетесинер
-1
007muni
2015-06-27 22:53:20
Бул корушунторго кобунчо ата-энелер себеп болот! Себеби оздору акча беришет канча сурашса ошондо. Мен да кесибим оператор жана бутуруучулорду тарттым. анан да 9-классты бутуп окубай Россияга барып иштеп келип 11-класска келгенде балдарга кошулуп алып топтолгон сумманын кобун ошолор которушуп машина жалдашат. Быйылкы мен тарткан класс 30 000 сом олчомундо сумманы жон гана 2 банан мерседес анан 5 гелинвагенге беришти. Ал эми мен окуучуларга жон гана автобуз жалдагыла деп сурансам да угушпай коюшту
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.