Ала-Букада жол кырсыгына кабылган бүтүрүүчүлөрдүн дагы бири каза болду

Ала-Букада жол кырсыгына кабылган бүтүрүүчүлөрдүн дагы бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 24-июнда Ала-Бука аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Бактыгүл Алибаева билдирди. Анын айтымында, кырсыкка кабылган эки окуучунун абалы оор болуп жаткан. 
Эске салсак, Ала-Букада бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар 22-июнь күнү жол кырсыгына кабылып, 2 окуучу жана 1 оператор набыт болгон. Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жана калган 5 окуучу ооруканага жаткырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
priora1982
2015-06-24 11:23:58
Тугандар он рульду машынанын айынан канчадеген адамдар каза болду он рульду машынаны орустар гроб на колёсах деп коёт.
-4
Damir Muhambetovich
2015-06-24 11:31:17
priora1982, on ruldu emes kyrsyk bolso sol rul menen dele bolot bunu kyrsyk deit jon ele on rul mashinany aitkan bolboit
+3
bakyt_2015
2015-06-24 20:06:34
priora1982, Машина деген он рульбу солбу ал дооту сыйлап айдасан жолдо калбайсын.Сыйлабасан ал да сыйлабайт сени.Доотуго куноо койбой жур, бул кырсык кудайдан келген
0
Akil8484
2015-06-24 11:24:43
кош бол дедин кош айтышкан кептерим,
кошула албайм келбес жакка кеткенин.
келечекти кыялданып жазгансын,
карачы эй бутпой калды дептерин
+8
kyrgyz.93
2015-06-24 11:32:11
Жаткан жери жайлуу болсун Аллах бейиштен оорун берсин
0
mamaidingory
2015-06-24 11:44:25
жактан жери жайлуу болсун
0
mamaidingory
2015-06-24 11:46:16
директорду соттош керек Ошо конул бурган эмес бундан кийин бутуручулор кандай кайшаландагандарын токтотуш керек и жаштар жолу бербегенге аракет кылгыла
0
nurchik05
2015-06-24 12:15:39
mamaidingory, директор конул бурганда деле айласын таап кетишмек
+1
nurchik05
2015-06-24 12:17:53
Кош бол мектеп деп туболук коштошуп кетээрин ким билсин жаткан жерлери жайлуу болсун ээ АЛЛАХЫМ эки дуйно билип билбеген куноолорун кечире гор
+3
nurchik05
2015-06-24 12:20:12
Коруп алып козумдон жаш айланды
0
Nurum15
2015-06-24 12:37:20
Тамагым буулуп кетти,периштелер ай, бир сабырдуурак болуп ата-эненерди угуп койсонор боло, он гулунордун бир гулу ачылбастан кете бердинер...Ата-эненердин 17 жыл куткону ушул беле...
+2
Dadasdasd
2015-06-24 17:38:35
Ушул машынанын суротун ар жылы 20 - майда ар бир мектентин жанына иоиш керек.
+9
Gulnaz.GS
2015-06-24 22:30:04
Dadasdasd, .туура айтасын
+1
jetinur90
2015-06-24 23:11:16
Бугун дагы бири,жалпысынан 6 ты окуучу коз жумса,экоо оор абалда жатат. 5-6 даракты кесип отуп,секирген машина радионун зымын узгон. Айнектен чыккан балдар 30 метрдей аралыка учуп кеткен. Денеси 3ко болунгон кызды коргон апасы да кайтыш болуптур. Окуяга кубо болгондор озун жоготуп канчоо ооруканада жатат. Быйыл билим денгеели боюнча республикада Алабука эн алдынкы орунга чыкса,мына бул иш кантсе да аябай кайгылуу болду...
0
yrysbek
2015-06-25 09:08:04
Чынндап кош бол мектебим болуптурда бул жагы, кудайга тообо кылдым. Мугалимдерди директорду кошуп баарын соттош керек.
0
Arslana
2015-06-25 09:42:03
Причем тут мугалимдер, директор? Бүтүрүүчүлөр аттестатты колуна алышты. Алар уже мектепке эч тиешеси жок адамдар! Баарына ата-энеси күнөөлү! Ата-эне баласын же кызын акчалай камсыздады, кийим алып берди, ошол жакка барганга уруксат берди. Эмне мугалими уюштуруптурбу? Мындайда дайыма ата-эне баштайт, балабыз күндө эле 11ди бүтүп жатты беле деп. Мектепти күнөөлөбөй АТА-ЭНЕни күнөөлөш керек.
0
Arslana
2015-06-25 09:47:57
Менин эки иним бүттү быйыл, үйдөгүлөр даже барба дешкен да жок. Өзүлөрү барбайбыз, катышпайбыз деп барышкан жок. Классташтары кийинип-жасанып алышып, унааларга желектерди илип, үйгө чейин келип, инилеримдин көздөрүн күйгүзүп алып кетишип, бир сааттан кийин инилерим үйгө келе беришти кайра. Бул баланын тарбиясынан, өзүнүн акыл-эсинен. Себеби үйдө деле машина бар, акча бар, эгер барабыз дешсе көңүлү калбасын, "барбагыла" деп деле айтпайбыз деген элек.
0
sezim96
2015-06-25 12:29:29
Мен окууган мектебим, мен тааныган окуучулар. журогум эзилип кетти. Куно мугалимде эмесго ушул кырсыкда мугалим эжекемдин баласыда каза тапты, шайтан азгырды деп ойлойм. Жаткан жеринер жайлуу болсун инилерим синдилерим...........
0
007muni
2015-06-27 23:06:57
Менин да кесибим оператор болгондуктан кесиптешимдин жана окуучулардын уй-булоосуно терен конул айтуу менен аларга сабыр каалап кетем.
Ал эми чындыгында бул корунушко ата-эне себеп болот. эгерде ата-энелер терен тарбия беришип тыйуу салышканда бул нерсе жок болот эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан