"Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого жол берүү сунушу 2-окуудан өттү. "Ата Мекен" 100 пайыз, КСДПнын эки депутаты каршы добуш берди (тизме)

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдү бузууга уруксат берүүчү мыйзамдын долбоорун 2-окууда кабыл алды. Чечим парламенттин 26-июндагы жыйынында кабыл алынып, документке 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берди. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, "Кумтөрдө" алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү башка жакка жылдыруу менен үстүнөн чапчып казууга канадалык "Центерра" компаниясына укук берилет. Кылымдардан бери топтолуп, эбегейсиз байлык деп эсептелген мөңгүнү талкалоого кайсы зарылдык түртүүдө?

Өкмөттүн аргументи:
"Мөңгүнү талкалоого айласыздан макулдук берилгени жатат, башка альтернативдүү жол жок. Давыдов мөңгүсү улам ордунан жылып, карьерди басып калуу коркунучун жаратууда. Эгер мөңгүнү башка жакка жылдырууга макулдук берилбесе, "Кумтөр" 6-июлда ишин токтотот. Мөңгү сүрүлүп түшүп кенди басып калат...
"Кумтөрдүн" токтошу канадалыктарды капа кылбайт, тескерисинче, "Центерра" сүйүнгөн бойдон өлкөдөн кетет да, "бизди иштетпей коюшту" деп кыргыз тарапты миллиарддаган суммага Эл аралык сотко берет. Мунун кесепети өлкө экономикасы үчүн абдан оор болуп калышы мүмкүн".
Мөңгүлөрдү талкалоого кескин каршы чыккан "Ата Мекен" фракциясынын, анын лидери Өмүрбек Текебаевдин аргументи:
"Өкмөттүн бул аракети - мамлекетке чыккынчылык. Буга чейин канадалык тарап "Кумтөрдө" экологияга 5 миллиард долларлык зыян келтирген. Эми мөңгүлөрдү талкалап, алтынды жердин үстүнөн казууга уруксат бергиле, болбосо ишти токтотобуз деп ультиматум коюп жатат. Дагы 430 миллион, эксперттердин пикирине таянсак, 730 миллион метр куб мөңгү жок болмокчу. Эң башкысы - "Центерранын" буга чейинки экологиялык кылмыштарын кечиргени жатабыз, алар мурунку келтирген зыянды калыбына келтирүүдөн кутулушат. Министрлер жана башка өкмөт өкүлдөрү убактылуу кызмат ордун сактап калуу үчүн кыргыз тараптын эмес, "Центерранын" кызыкчылыгын коргоп, канадалык тараптын кылмыштарын мыйзамдаштырып бергиле деп жатат".
Олуттуу каршылык болгонуна карабай долбоор 2-окуудан өттү. Добуш берүүдө 5 фракция кандай позицияда турду?
"Каршы" деп добуш бергендер:
"Ата Мекен" фракциясынан 15 депутат (дээрлик баары);
"Ата Журттан" 9 депутат;
"Республикадан" 7 депутат;
"Ар-намыстан" 6 депутат;
КСДПдан 2 депутат.
"Макул" деп добуш бергендер:
"Ата Мекен" фракциясынан жок;
КСДПдан 19 депутат.
"Ар-намыстан" 16 депутат;
"Ата Журттан" 10 депутат;
"Республикадан" 7 депутат;
Мөңгүнү бузууга "каршы" добуш бергендер:
1. Өмүрбек Текебаев - "Ата Мекен" фракциясы
2. Туратбек Мадылбеков - "Ата Мекен" фракциясы
3. Ширин Айтматова - "Ата Мекен" фракциясы
4. Акуналы Досалиев - "Ата Мекен" фракциясы
5. Бактыбек Калмаматов - "Ата Мекен" фракциясы
6. Ташполот Балтабаев - "Ата Мекен" фракциясы
7. Уланбек Нуркулов - "Ата Мекен" фракциясы
8. Гүласал Садырбаева - "Ата Мекен" фракциясы
9. Наталья Никитенко - "Ата Мекен" фракциясы
10. Абдимуктар Маматов - "Ата Мекен" фракциясы
11. Жоомарт Сапарбаев - "Ата Мекен" фракциясы
12. Райкан Төлөгөнов - "Ата Мекен" фракциясы
13. Асия Сасыкбаева - "Ата Мекен" фракциясы
14. Сайдулла Нышанов - "Ата Мекен" фракциясы
15. Болот Шер - "Ата Мекен" фракциясы
16. Курманбек Осмонов - "Ата Журт" фракциясы
17. Кантемир Мурзабеков - "Ата Журт" фракциясы
18. Дастан Жумабеков - "Ата Журт" фракциясы
19. Жыргалбек Саматов - "Ата Журт" фракциясы
20. Мыктыбек Абдылдаев - "Ата Журт" фракциясы
21. Роман Шин - "Ата Журт" фракциясында болчу, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунда
22. Марат Султанов - "Ата Журт" фракциясы
23. Тимур Муратов - "Ата Журт" фракциясы
24. Азиз Суракматов - "Ата Журт" фракциясы
25. Роза Акназарова - "Республика" фракциясы
26. Болот Сулайманкулов - "Республика" фракциясы
27. Шаршенбек Абдыкеримов - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Ынтымак" депутаттык тобунда
28. Чолпон Султанбекова - "Республика" фракциясы
29. Абдыжапар Бекматов - "Республика" фракциясы
30. Кенжебек Бокоев - "Республика" фракциясы
31. Нурбек Мурашев - "Республика" фракциясы
32. Майрамбек Расулов - "Ар-намыс" фракциясы
33. Бөдөш Мамырова - "Ар-намыс" фракциясы
34. Замир Бекбоев - "Ар-намыс" фракциясы
35. Дастан Бекешев - "Ар-намыс" фракциясы
36. Игорь Гусаров - "Ар-намыс" фракциясы
37. Нуркамил Мадалиев - "Ар-намыс" фракциясы
38. Ыргал Кадыралиева - КСДП фракциясы
39. Исмаил Исаков - КСДП фракциясы
Мөңгүнү бузууга "макул" деп добуш бергендер:
40. Нургазы Айдаров - "Ата Журт" фракциясы
41. Өмүрбек Бакиров - "Ата Журт" фракциясы
42. Динара Исаева - "Ата Журт" фракциясы
43. Ажибай Калмаматов - "Ата Журт" фракциясы
44. Абдимуталип Кочкорбаев - "Ата Журт" фракциясы
45. Надира Нарматова - "Ата Журт" фракциясы
46. Таалайбек Ибраев - "Ата Журт" фракциясы
47. Бакыт Шаршеев - "Ата Журт" фракциясы
48. Хажимурат Коркмазов - "Ата Журт" фракциясында болчу, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунда
49. Алмасбек Абытов - "Ата Журт" фракциясы
50. Чыныбай Турсунбеков - КСДП фракциясы
51. Замирбек Алымбеков - КСДП фракциясы
52. Олег Домшенко - КСДП фракциясы
53. Заирбек Жоошбеков - КСДП фракциясы
54. Асылбек Жээнбеков - КСДП фракциясы
55. Төрөбай Зулпукаров - КСДП фракциясы
56. Саматбек Ибраев - КСДП фракциясы
57. Жусупали Исаев - КСДП фракциясы
58. Алла Измалкова - КСДП фракциясы
59. Ирина Карамушкина - КСДП фракциясы
60. Нурбек Касымбеков - КСДП фракциясы
61. Мурадыл Мадеминов - КСДП фракциясы
62. Карамат Орозова - КСДП фракциясы
63. Мамат Орозбаев - КСДП фракциясы
64. Галина Скрипкина - КСДП фракциясы
65. Акылбек Султанов - КСДП фракциясы
66. Токтогул Туманов - КСДП фракциясы
67. Абдыманап Кутушев - КСДП фракциясы
68. Бахтияр Кадыров - КСДП фракциясы
69. Феликс Кулов - "Ар-намыс" фракциясы
70. Анвар Артыков - "Ар-намыс" фракциясы
71. Бакытбек Жетигенов - "Ар-намыс" фракциясы
72. Каныбек Иманалиев - "Ар-намыс" фракциясы
73. Эсенгул Исаков - "Ар-намыс" фракциясы
74. Анарбек Калматов - "Ар-намыс" фракциясы
75. Бактыгул Маматов - "Ар-намыс" фракциясы
76. Каныбек Осмоналиев - "Ар-намыс" фракциясы
77. Курманбек Өмүрбеков - "Ар-намыс" фракциясы
78. Майрамкүл Тиленчиева - "Ар-намыс" фракциясы
79. Нурлан Төрөбеков - "Ар-намыс" фракциясы
80. Кубанычбек Туманов - "Ар-намыс" фракциясы
81. Эристина Кочкарова - "Ар-намыс" фракциясы
82. Нуржана Бадыкеева - "Ар-намыс" фракциясы
83. Татьяна Левина - "Ар-намыс" фракциясы
84. Талант Узакбаев - "Ар-намыс" фракциясы
85. Акылбек Эшимов - "Республика" фракциясы
86. Алишер Абдрахманов - "Республика" фракциясы
87. Нурбек Алимбеков - "Республика" фракциясы
88. Алмазбек Баатырбеков - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Ынтымак" депутаттык тобунда
89. Эльмира Жумалиева - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Ынтымак" депутаттык тобунда
90. Малик Осмонов - "Республика" фракциясы
91. Абдулатип Режавалиев - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Өнүгүү" депутаттык тобунда
Добуш берүүгө катышпагандар:
92.Өмүрбек Абдрахманов - "Демократтар" депутаттык тобу
93. Равшан Жээнбеков - "Демократтар" депутаттык тобу
94. Азамат Арапбаев - "Ата Журт" фракциясы
95. Жылдыз Жолдошова - "Ата Журт" фракциясы
96. Эльмира Иманалиева - "Ата Журт" фракциясында болчу, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунда
97. Ахматбек Келдибеков - "Ата Журт" фракциясы
98. Улукбек Кочкоров - "Ата Журт" фракциясы
99. Жаныш Кудайбергенов - "Ата Журт" фракциясы
100. Нарынбек Молдобаев - "Ата Журт" фракциясында болчу, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунда
101. Бахадыр Сулейманов - "Ата Журт" фракциясы
102. Улан Чолпонбаев - "Ата Журт" фракциясы
103. Мирлан Бакиров - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Өнүгүү" депутаттык тобунда
104. Назарали Арипов - "Республика" фракциясы
105. Курманбек Дыйканбаев - "Республика" фракциясы
106. Бакыт Төрөбаев - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Өнүгүү" депутаттык тобунда
107. Элмурат Обдунов - "Республика" фракциясы
108. Исхак Пирматов - "Республика" фракциясы
109. Тынчтык Шайназаров - "Республика" фракциясында болчу, учурда "Өнүгүү" депутаттык тобунда
110. Максат Сабиров - "Республика" фракциясы
111. Алтынбек Сулайманов - "Республика" фракциясы
112. Турсунтай Салимов - КСДП фракциясы
113. Мамытбай Салымбеков - КСДП фракциясы
114. Данияр Тербишалиев - КСДП фракциясы
115. Эркин Сакебаев - КСДП фракциясы
116. Эркингүл Иманкожоева - КСДП фракциясы
117. Кожобек Рыспаев - "Ар-намыс" фракциясы
118. Айнуру Алтыбаева - "Ар-намыс" фракциясы
119. Турсунбай Бакир уулу - "Ар-намыс" фракциясы
120. Карганбек Самаков - "Ата Мекен" фракциясы

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан