"Элестеткиле, бул жерде кыргызча сүйлөгөн болбойт экен". Замира Молдошев Бишкектеги кофеканада кыргызча сүйлөөгө тыюу салынганын айтты

Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева Бишкек шаарындагы кофеканалардын биринде кыргызча сүйлөөгө тыюу салынганын айтты.

Социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүдө ал аталган кофеканага ар дайым барып келгенин, ушунусунда администратор кыргызча сүйлөөгө тыюу салынганын айтканын айтып жинденди.

"Мен азыр, чынын айтсам, аябай жиним келди, өзүм токтоо эле адаммын. Бул кофекананы аябай жакшы көрчүмүн, бул жерде кыргызча сүйлөгөнгө болбойт экен. Администратор келип "бул жерге орусча сүйлөгөндөр келет" деп айтты. Элестеткиле биз ушундай нерсеге жетиптирбиз. Көрсө, өзүбүздүн мамлекетибизде өзүбүздүн тилибизде сүйлөгөн болбой калыптыр. Бул жете турчу чекке жетти окшойт", - деп ачууланган Замира Молдошева.

Замира Молдошеванын билдирүүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-05-15 01:30:00
мына шермендечилик, өзүбүздүн Кыргызстаныбызда Кыргызча сүйлөй албасак өлгөн экенбиз, УКМК тезинен катуу чара көрөсүздөр деп ишенебиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан