Бүгүн, 25-февралда Кант шаарында “Ала-Тоо Кубогу” аттуу футбол боюнча Эл аралык мелдештин жарым финалы өтөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Маалым болгондой, бүгүн “А” тобу боюнча 1-орунга “Лашын” (Казакстан) менен “Алга” (Бишкек) командалары, ал эми “В” тобу боюнча “Абдыш-Ата” (Кант) менен “Алай” (Ош) командалары беттешмекчи. Мындан сырткары 5-6-орунга “Наше Пиво” (Кант) менен менен “Дордой-2” (Бишкек) командалары, 7-8 орунга “Дордой” (Бишкек) менен “Тобол-2” (Казакстан) командалары ат салышмакчы. Айта кетсек, мелдеш 26-февралда соңуна чыгат.