МАИчилер айдоочудан 5000 сом талап кылышып, бербей койгон соң артынан кууп барып унаасынын номурун чечип алышты (видео)

Бишкекте жол-кайгуул кызматкерлери айдоочудан акча талап кылышып, бербей койгондон кийин артынан кууп барышып автоунаасынын мамлекеттик номурун чечип алышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда коомдук активист Болот Ибрагимов билдирди. Активист окуянын жүрүшү тартылган видеону жарыялады. Окуя 28-июнда саат 03:00 чамасында болгону, МАИ кызматкерлери автоунаа ээсин себепсиз токтоткону айтылды. 
"Жол-кайгуул кызматкерлери биздин айдоочунун документтерин таап бере албай калганы үчүн кантип 5 миң сом сураганын тартып алдык. Акыр-аягында бардык зарыл болгон документтер (айдоочулук күбөлүк, автоунаага салык төлөнгөнүн тастыктоочу күбөлүк жана башкалар) көрсөтүлдү. Андан кийин биз оператор менен унаадан чыгып, алар кандай себеп менен бизди токтотконун жана 5 миң сом талап кылып жатканын сурадык. Сүйлөшүүдөн жыйынтык болбогондон кийин унаага отуруп кетип калдык, бирок артыбыздан ак түстүү, B7007X мамлекеттик номурлуу Мерседес кууду. Айдоочу жана жүргүнчү инспекторлор менен бирге экен. Алар кууп келип бизди жол четине кысып токтотуп, унаанын алдынкы жана арткы номурун чечип алышты. Тийиштүү органдарга кайрылдык, бирок жардам бере алышкан жок",- деп айтылат маалыматта. 
Учурда бул факт боюнча ИИМ текшерүүнү баштады. 
МАИ кызматкерлери айдоочудан 5000 сом талап кылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
kitty
2015-07-01 11:01:42
Жашоо эмне болуп баратат, эгерде тундо бизди артыбыздан кубалап номерди чечип кетти деп милицияга чалсак,кайра 80 жолу сурашып калп эле убакытты,единицанды жешет экен да,тан калдым ай азыр жашооно коркунуч келсе кимге чалып,кайда барыш керек???? Мындан аркы жашообуз кандай болот, Бизди ким коргойт?????
+2
vip.aika99
2015-07-01 11:09:44
правила не нарушайте. деньги просить не будут инспектора
+1
Cekech
2015-07-01 11:17:39
Докементти сураганга акылуу МАИ кызматкерлери,андыктан корсотуш керек. Документерди таппай калды дегени эмнеси,дайм даяр болуш керекда? Билбейм,мен мисалы рулга отурарда,документтерди карайм,жанымдабы деп. МАИлер туура кылат,документ жок болсо,кубалайт дагы номер чечкенге акылуу,жана айып штраф толотуш керек.
+1
cubich
2015-07-01 17:05:45
Cekech,Документтерди бир аздан кийин корсотуп жатпайбы.
0
Lenin
2015-07-01 17:49:49
Cekech,
Туптуура, просто бул балдар оздорун инетке салып бир корунолу деген жигиттер окшойт.
Документи жок болуп анан кайра бар болуп, жон эле оюн. Камап салышса болмок. Жон эле МАИлерге асыла бербеш керек. Эркекче суйлоштунбу эркекче бутуруп сал. Тигил 7007 туура айтып жатат. Хотели подставит явно.
-3
bek007
2015-07-01 12:45:51
Бир ХХХ ХХХ ХХХ... бала экен го эмне эле эдирендеп атат.
+2
admin_portal
2015-07-01 13:10:48
bek007 - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
Bors
2015-07-01 13:12:11
bek007, ХХХ ХХХ ХХХ... МАИ лерди
0
admin_portal
2015-07-01 13:20:18
Bors - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
jeki_1011
2015-07-01 14:54:15
admin_portal акыры эмне менен бутушун качан чыгарасыздар
0
upol92
2015-07-01 15:03:01
Жожо корозго ак машина да жургон бала. Маи лерге нысап берсин.
+1
Jigitronic
2015-07-01 18:20:01
Ал жаңылык деле эмес,андайлар күн сайын болот.
+1
deva
2015-07-01 20:34:38
Жакшыраак актер баланы тандасаңар болмок экен. Постава экени келесоого деле билинип турат. Бул видео машинанын видеорегистурасына тартылганбы? Эгер ошого тартылса сыртта жүргөндө сүйлөшкөн угулган үндөр даана угулабы? Уктуңбу акча сурап жатат деп келди го.
+1
kg.boy1
2015-07-01 23:29:57
атын чыкпаса жер ортто болуп Болот озу ушу ГАИлер менен ЗВЕДА болоюн деген гоо. Жалан эле ГАИлер менен ызычуу болуп журот атайын нарушения кылып ГАИлерди поставитэтип. ГАИлерди такыр алып салганда да толтура киши кырылып олгон. Анча мынча ушундай ГАИлердин айынан ГАИнин баары жаман аттуу болуп бутту
0
chyngyz84
2015-07-01 23:49:05
200сом бербей койгонум үчүн 1000сом айып пул салдыго, акмактар.
-1
KUMU89
2015-07-02 02:02:24
Азыр токтотуп эле документти бергенден кийин, эрежени айтпай эле акча сурайт.
0
nurchik05
2015-07-02 06:51:31
Озунчо горячий болуп алыптырго сол шапалака тушо турган бала экен озу
0
Chynyshka
2015-07-02 12:50:36
мен видеону корбодум, бирок коп угам маичилер акча талап кылганын. Аларга усту жактан буйрук тушот экен бир кундо мынча сом алып келесин деп. ошого ошол акчаны табыш учун алар коп жаман жолго барышат. болбосо планы толбой калат болсо керек.
0
football1
2015-07-05 14:51:05
Гаишниктин артын карасанар, ДАЙ ПЯТЬТЫСЯЧ СОМОВ, ДАЙ ПЯТЬТЫСЯЧ СОМОВ деп очуп жанып жатат
0
elif
2015-12-09 05:43:28
Aзaмaтсын Болот!
Ушундaй жaкшы болот
Чындыктын чыркырaгaны
МAИнин чычaлaгaны
Куп гaнa купулгa толот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан