УКМК: "Издөөдө жүргөн казакстандык кылмышкерлердин бири кармоо учурунда өзүн жардырып салды"

Издөөдө жүргөн казакстандык кылмышкерлердин бири Альберт Абхинди 1-июлда кармоо учурунда ал өзүн жардырып каза тапты. Ал эми экинчи кылмышкер изделүүдө. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы ырастады.
Кылмышкерлер 24 жаштагы Альберт Абхин жана 27 жаштагы Жанболот Амиров 25-апрелден бери жатак-абагына кайрылып барбай, издөөдө жүрүшкөн. 25-июнда алардын кайсы жерде экени маалым болгондо кылмышкерлерди кармоо иштери жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда ок атышуу орун алып, кылмышкерлер качууга үлгүрүшкөн. Аларды издөөгө ИИМ кызматкерлери, Жол-кайгуул кызматы да тартылган эле.
Эске салсак, Альберт Абхинди борбордогу Биринчи Май райондук соту "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренелери боюнча 4 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Жанболот Амиров "чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренелери менен Чүй облустук соту тарабынан 3 жылга кесилген. Казакстандык жарандардын абактан качуусу боюнча Жаза аткаруу кызматы кылмыш ишин козгогон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adi.Avazbekov
2015-07-01 20:02:14
Турмодо деле эптеп кармай албагандан кийин аларды издеп не кылат. Алым келген мг качырып жиберет да дагы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан