Индонезиядагы 2 мүнөттүк учуу: Учак кырсыгынан каза болгондордун саны 140 адамга жетти (фото)

30-июнь күнү Индонезияда Hercules C-130 аскердик учагы кыйрап, анын кесепетинен каза болгондордун саны 140 адамга жетти. 113 адамы менен учуп бараткан учак Суматра аралындагы Медан шаарында жайгашкан мейманканалардын үстүнө кулаган. Индонезиянын полициясынын билдиришинче, учак аскердик базалардын биринен асманга көтөрүлгөнүнө 2 мүнөт болгондо эле учкуч техникалык себептен улам базага кайра кайтып конууну суранууга үлгүргөн. Бирок абада эле учактан түтүн чыгып, тынч конууга жетишкен эмес.
Учурда кырсык болгон жерден каза тапкандарды алып чыгуу аракети көрүлүп жатат. Мерт болгондордун ичинен 
113ү борттогу адамдар (12 адам экипаж мүчөсү) болсо, калганы жердегилер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
naaazka
2015-07-02 09:22:40
kudaiym ozun saktai kor aittyrbai kelgen kyrsyktardan
+2
bema_bema
2015-07-02 12:06:28
Кудай сакта тынчылык эле болсун чу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан