Чаткалда 20-21 жаштагы балдар арасындагы массалык мушташта 8 бала бычакталганы айтылууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 20-21 жаштагы балдар арасындагы массалык мушташта 8 бала бычакталганы айтылууда. Бул тууралуу 6-июлда SUPER.KG порталына аталган райондон окурман билдирди.

Маалыматка караганда, 5-июлга караган түнү Чаткал районунда 1994-1995-жылдары туулган балдардын ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыккан. Уруш 1994-жылкы бир баланы өзүнөн бир жаш кичүү балдар күндүз токмоктоп кетишкенинен улам башталган.
Сабалган баланын теңтуштары токмоктогон баланын досторуна кечинде жолугушуу убактысын белгилешкен. Кечинде эки тарап болуп мушташып, анда 21 жаштагы 8 балага бычак сайышкан. Алардын экөөсү оор жаракат алып Жалал-Абаддагы ооруканага жеткирилген. Биринин моюнуна бычак сайылса, экинчисине 8 жолу бычак сайылганы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
sezimay
2015-07-06 00:58:32
кудай сактасын, кинодой го ылайым жалган болуп калсын
+1
jumatone
2015-07-06 02:28:13
Ошенткиле биринди бирин кырып салгыла не дейин дагы
0
richman.kg
2015-07-06 03:10:20
болунбо кыргыз болунбо,
болунсон боору жеп кетет.
Болунуп жатат кыргыз деп,
болок элге кеп этет.
Урушпагылачы туугандар сураныч.
+3
bek007
2015-07-06 04:35:10
Журналисттер ушундай маалымат жазса боло береби? Каерде болгонун кошуп жазбайсыгарбы? Чаткал деген бир кичинекей айыл болсо бир жон. Чаткалда уруш чыгыптыр дегенде аа деп билип калат элек
+2
nurzada78
2015-07-06 05:42:20
Кудайым балдарга ыйман,акыл бере кор!Жаштык кылышыптыр да,каны кызуу балдар!Эмне талашып мушташты экен,аман болушса экен!
+1
asman88
2015-07-06 05:58:11
Кайсы айылда болду экен?Баарыбызга ыман-ынсап бере кор,Аллахым.Балдар айыгып кетишсин эртерээк.
+1
mamaidingory
2015-07-06 07:34:01
талааны коргондо тушунот
0
Krasnoyrsk124
2015-07-06 08:06:52
Эркек болсонор муштумунар менен мушташпайсынарбы бычак которбой, бычак жакшы жака алып барбайт !!!
+3
aidartegin
2015-07-06 09:28:33
Krasnoyrsk124,Муштум деле жакшы жака алып барбайт..Улуу рамазан айында минткен......
+1
Taku.14.02
2015-07-06 08:42:31
мунун чын же жалган экенин ким текшерет же кебиро жаган жанылык жазып койсо элге таратып башын оорутуп алдамчы супер инфо атка конуп калбайлы
0
admin_portal
2015-07-06 13:22:32
Taku.14.02, саламатсызбы!
Толук маалымат алуу үчүн редакция расмий өкүлдөргө байланышууда.
0
SHAHDAR
2015-07-06 10:41:11
Бул бычак которуу коптон бери келе жаткан корунуш жаш балдарга бир нерсе дегенден коркосун сразу бычак сычагы даяр. Коркуу сезими да жок.
0
Talantchik
2015-07-06 13:08:03
Зынк мушташ болуптур да. Азыр бычак менен эмес, писталет менен атышкан заман
+3
Parish
2015-07-06 14:32:25
Бул 4-июльда кечки саат
9 да Чаткал районунун
Айгыржал айылында болгон
окуя.Чаткал районунун
орган кызматкерлеринин
айылдарда рейит жургузуп
турбаганы,ушуга окшогон
терс корунуштор кобойо
баштаганы корсотуп турат.
0
st1m_
2015-07-06 15:00:46
Parish, Бири олуп бири калбайбы. Булардын кырылганына да милиция куноолуу бекен.Аскерге алып озбек, тажик чек араларына жибергиле кыйындыгын ошол жакта чекти кайтарып коргозсун.
+3
Uli6886
2015-07-06 17:08:52
st1m_,Бирин олуп бирин кал-деп мынчалык кайдыгер карабасан!!! андан коро унчукбай комент жазбай койсон болмок экен!!!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан