Кадамжайда унаа сууга түшүп кетип, 4 адам каза болду

6-июлда саат 19:35 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Валакыш айылынын жанындагы Исфайрам дарыясына Нива үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен (мамлекеттик номуру S 18-87 D). Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, 4 адам сууга агып каза болгон.

Ага 5 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткендерди издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада куткаруучулар жабыркаган 2 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жөнөтүшкөн. Андан кийин 2 адамдын жансыз денесин табышып, Кызыл-Кыя шаардык өлүкканасына жеткиришкен. Калган 2 адамды издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kanykey125
2015-07-07 10:53:40
Кейиштуу окуя болуптур.каза болгондордун кудайым бейишин берсин
0
boston___
2015-07-07 11:02:49
Жайлары жаннаттан болсун туугандарына сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан