Отставкадагы полковник Абдували Акжоловду 3-июлдан 4-июлга караган түнү сабап кетишти. Бул тууралуу полковниктин бир тууган эжеси Марапат Акжолова 15-июлда өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын билдиришинче, полковникти күч кызматтарында иштеген ондой кызматкер сабаган.
"Иним такси айдап келе жатканда ага каратып ок чыгарышкан. Ок унаанын алдынкы айнегин талкалап кеткен. Андан соң алар Абдувалини унаадан түшүрүп алып аёосуз сабашкан. Ал ошол жерде эсин жоготкон, бирок сабагандар ошол замат "Тез жардам" унаасын чакырбай, 5-6 сааттан кийин гана Бишкектеги №4-шаардык ооруканага жеткиришкен",- деди бир тууганы Акжолова.
Учурда ал Республикалык ооруканада оор абалда жатканын кошумчалады.
"Күч органдарынын айтымында, Абдували окуя болгон күнү бир кап баңгизат жана ок атуучу курал менен кармалган. Бирок "күбөлөндүрчү кагаздарды көрсөткүлө" десек, бизге бербей жатышат. Менин иним жөн гана такси айдап үй-бүлөсүн багып жүрчү”,- деди Акжолова.
Абдували Акжолов 2010-жылдары ИИМдин 9-Башкармалыгынын (азыркы 10-Башкы башкармалык) башчысы болуп иштеген.
Айта кетсек, Абдували Акжолов 2010-жылдын 7-апрель окуясы учурундагы талап-тоноо фактысы боюнча айыпталып жаткан. Ошондой эле "Манас" аэропортунун өкүлүн коркутуп, 7,5 миллион сом алуу жана экс-муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдон акча талап кылуу кылмышы боюнча да күнөөлөнгөн. 2013-жылы 1-мартта Бишкек шаарындагы Аламүдүн райондук соту ага 13 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок өкүм күчүнө кире электе иш Чүй облустук сотуна өткөрүлүп, тиешелүү чечим бүгүнкү күнгө чейин чыгарыла элек.
Муну менен катар 2013-жылдын апрель айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алуу кылмышы боюнча ИИМдин кызматкери А.Акжолов жана аталган министрликтин пенсионери Н.Жаналиев кармалган. Алар Бишкек шаардык кеңешинин депутатынан 2500 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталышкан. УКМКнын басма сөз кызматы пара алган адамдар депутаттын өмүрүнө кол салуудан алдын ала сактап калуу убадасы менен 10 000 доллар акча талап кылышкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшкөн 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. 4 ай камакта отурган соң тосмо арыздын негизинде иш кыскартылып, Акжолов эркиндикке чыгарылган.