Айдоочудан 5000 сом талап кылуу окуясындагы башкы каарман "Дрыщ" кармалды

Бишкекте айдоочудан 5000 сом талап кылуу окуясынын катышуучуларынын бири, социалдык түйүндөрдө "Дрыщ" аталып, чуу жараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда SUPER.KG`ге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти. Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурганы, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Жакында анын баш коргоо чарасы белгиленет. 

Эскерте кетсек, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден акча талап кылып жатышканы тартылган видео тараган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада тасмадагы 2 жол-кайгуул кызматкери жана аларга көмөктөшкөн бир жаран (Жол-кайгуул кызматынын штаттан сырткаркы кызматкери экени айтылган) кармалып, аларга кылмыш иши ачылган. Жол-кайгуул кызматкерлери “опузалап пара талап кылуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча айыпталышууда. Ал эми "Дрыщ" жана штаттан сырткаркы кызматкер “ээн баштык” беренеси боюнча суракка алынууда. 

Тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
joni.joni
2015-07-15 13:42:04
ХХХ ХХХ ХХХ екенго.
+1
Bostery
2015-07-15 13:42:23
Эл журт койгула анчалыка барбагыла жаш баланын омуруно балта чаппай бул баланы каматып алып эмне кыласынар ?! Керсейип койду жашта баарыбыз эле жаш болгонбуз курч болуп койду эч нерсе эмес жаштык отот токтолот жашоону тушунуп калат
-5
joni.joni
2015-07-15 13:44:43
гаилерге таянып эки колду жайып алыптырго.жалгыз жолугуп ошенткен болсо бир бассан чачылып кала турган бала екенго.
+11
Uli6886
2015-07-15 14:02:25
Ушулар куйгузушту "Трыштар)"
+4
ertur
2015-07-15 14:30:57
Дрыщ дегени эмне мумкун тырыш эмеспи ал бала аябай тырышып алыптырго
+6
Uli6886
2015-07-15 14:36:45
ertur, Дрыщ-деген ХХХ ХХХ ХХХ... - дегенди тушундурот)))))
+3
EdikoKG
2015-07-15 14:36:54
ХХХ ХХХ го. Кайсы арына секирет ? Акчага копкон эме го. Жазасын алсын эми.
+2
nurchik05
2015-07-15 14:39:15
Ооо дрыщ кармалдыбы браво браво ...жазасын бергиле
+3
admin_portal
2015-07-15 14:50:24
EdikoKG, Uli6886, joni.joni, bolotbai, Minhi, Lintel - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Adako
2015-07-15 15:52:43
Кармалганы го жакшы болуптур эми кылган ишине жараша катуурак жаза алсын. Башка дрыщтарга да мисал болсун, болбосо мындайлар бизде ото кобойуп кетишкен атасынын байлыгына, кызматына же туугандарына ишенип каалаган нерселерин кылып, кооп кеткендер
0
hairullo
2015-07-16 01:23:39
Adako, Эн туура. Бир чапсан олуп кала тургандар кыйын болгонуна кыжырым катуу келет. Чындап кучтуу бала болсо мейли дечи, кучуно ишенет. Мурду боктор кысып эле журсо жакшы эле.
0
kama_future_millioner
2015-07-15 16:06:04
Ушунча карсапсыңар эми жазалагыла
-1
karabek
2015-07-15 16:10:17
ХХХ ХХХ ХХХ... башкаларына сабак болот.
-1
admin_portal
2015-07-15 16:17:47
karabek - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
KYRGYZJERI
2015-07-15 16:10:41
Дагы ушундай ээн баштар кайталанбаш учун катуу жаза бериш керек.
0
Medina87
2015-07-15 17:11:37
Жазага тартуу керек!
0
sungjinsystem
2015-07-15 17:15:46
Супер кж, Канжар Кадыралиев эмне болду.Ошол жонундо да маалымат берип койгула. Ал акырындык менен унутулуп баратат.
+4
admin_portal
2015-07-15 17:20:24
sungjinsystem, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
+1
hairullo
2015-07-16 01:29:43
Акалар акалар осо берсин макалар, макалардин арасында журо берсин такалар. Тырыш тырмышкыча, бырыш жылмышыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан