Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Бул тууралуу 15-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттын Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылганы аныкталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө эл өкүлү 100 миң доллар пара алып жатып колго түштү.
Жогорку Кеңештин депутаты Х.Коркмазовго "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө. Депутат сурак учурунда окуяга президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин катыштыгы бардыгын айтканын жана ал да кармалып, сурак берип жатканын өздүк булактарга шилтеме берүү менен Вести.KG жазып чыкты.
Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган.