"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:
"Урматтуу мекендештер!
Урматтуу момун мусулмандар!
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын жана өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды улуу Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Орозо айы ыйманга чакырган, ниеттерди оңдогон, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн ыйык айы болуп саналат. Өлкөбүздүн момун мусулмандары орозо тутуу менен өз ишенимдерин бекемдеп, руханий жактан тазаланууга ниет кылышып, өлкөдө тынччылык, бейпил жашоо болсун деп тилешти. Жалпы элибиздин мындай каалоо-тилеги орундалып, ар бир жараныбыз социалдык жактан камсыз болгон татыктуу өлкөгө айлана турганына ишеним чоң.
Урматтуу мекендештер! Ушул ыйык күн жалпыңыздарга жакшылыктарды алып келсин, ар дайым асманыбыз ачык, элибизде тынчтык болсун.
Орозо айтыңыздар маарек болсун!