Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп жатат. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, саат 18:16да милицияга телефон чалуу болгон. Азыркы учурда Бишкек ШИИББинин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кеткени айтылды.
Маалыматтарга таянсак, учурда атышуу уланууда. Горький көчөсү унаалар үчүн жабылды. Күбөлөрдүн айтымында, автомат жана жардыргычтардын үндөрү угулуп жатат.