Жылнаама, 19-июль: Мындан 50 жыл мурун коомдук жана саясий ишмер Мухтарбек Өмүракунов туулган

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы коомдук жана саясий ишмер Мухтарбек Өмүракунов Ат-Башыда туулган. Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн. 
Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 25-апрелде Кубага эс алууга аттанып, Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” мейманканасына токтогон. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кирип кетип, алардын арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 17:30да анын сөөгү океандын жээгинен табылган. Сөөгү 4-май күнү жергебизге алынып келип, 5-май күнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон. Ал эми 6-май күнү кичи мекени Ат-Башыга коюлган. 
 
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы Москвада XXII Жайкы Олимпиада оюндары башталып, анда кыргыз спортунун тогуз өкүлү СССР өлкөсүнүн намысын коргогон. Алар: Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметов, Леонид Дунаев, Николай Чернецкий жана Марина Сысоева. Кыргыз өлкөсүнүн спортчуларынан алтын медаль боюнча алгачкы эсепти мергенчи, тапанча менен 50 метр аралыкка ок атууда А.Мелентьев баштап берген. Ал 581 упай топтоп дүйнөлүк рекорд жараткан. Ал эми оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 кг чейинки салмакта чемпион болгон. Узундукка секирүүдө Татьяна Колпакова 7 метр 06 сантиметр көрсөткүчү менен олимпиадалык рекорд жараткан. Ат спортунан А.Блинов командалык эсепте чемпион аталса, жеке мелдеште 2-орунду ээлеген. Жөө күлүк Н.Чернецкий 4х100 метрге эстафеталык жарышта жеңүүчү болгон. С.Жуманазаров болсо марафондук жарыштан советтик спортчулардын арасында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынгандыгы менен тарыхта калган. А.Абушахметов менен Л.Дунаев фехтованиеден командалык эсепте 3-орунду камсыз кылышкан. Бийиктикке секирүүдөн М.Сысоева байгелүү 5-орунга илинген. Ошентип, 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп мекенибиздин атын даңазалашып, Олимптин туусун багындырышкан.
* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы украиналык мушкер, профессионалдык бокс боюнча супер оор салмакта WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Виталий Кличко Чүй облусунун Беловодск айылында туулган. Анын рингдеги каймана аты - Темир муштум (Железный кулак). Виталий Кличко спорттун профессионалдык бокс түрүнө 1996-жылы келген. 1999-жылы 25-мушташын өткөрүп, WBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган. Андан туура бир жыл өткөндө Крис Берд менен болгон беттеште утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган. 2005-жылы чоң спорттон кеткенин расмий жарыялаганы менен, бокс дүйнөсүнөн толугу менен кеткен эмес.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы советтик актриса, СССРдин Эл артисти Фаина Раневская 87 жашында оорудан улам Москвада көз жумган. Анын сөөгү Москвадагы "Жаңы Донск" көрүстөнүндө эжеси Изабелланын жанына жерге берилген. Фаина Георгиевна (Григорьевна) Раневская 1896-жылы 27-августта Орусиянын Таганрог шаарында туулган. Ал Таганрог Мариинск кыздар гимназиясын аяктап, А.Ягеллонун (А.Н.Говбергдин) жеке менчик театр студиясында таалим алган. 1934-жылы алгачкы жолу кинодо Михаил Роммдун "Болтогой" ("Пышка") деген тасмасында роль аткарган. Британдык "Who is Who" энциклопедиясы 1992-жылкы чыгарылышында аны 20-кылымдагы даңазалуу өнөрпоз айымдардын тизмесине кошкон.
19-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан