Ахматбек Келдибеков: "Түлеевге иш козгоо бул - саясий куугунтук"
"Түлеевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши бул - саясий куугунтук". Мындай пикирин бүгүн ЖКда өткөн азчылык коалициясынын жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков билдирди. "Түлеев мэр болуп турганда автобустарды канча акчага, кандай баада сатып алганын ошол автобустарды саткан фирмалардын сайттарынан көрсө болот. Мен Түлеевдин тегерегиндеги иштерди саясий куугунтук деп эсептейм",- деди "ата журтчу".