Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Түлкүбаш жана Кызылташ участкаларында алтын өндүрүүчү ишкана курулат. Аны кытайлык "Чаарат ЗААВ" тоо-кен компаниясы өндүрөт.
15-октябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган бийлик өкүлдөрү, аталган компаниянын жетекчилери курулушка капсула салганын Чаткал райондук администрациясы билдирди.
"Алтынды казып алуу жана иштетүү эки этабда жүргүзүлөт. Учурда геологиялык изилдөө, бургулоо иштери жана техникалык баалоо жүргүзүлүүдө. Пайданын 70 пайызына "SILVERCORP" долбоордун оператору, ал эми 30 пайызына "Кыргызалтын" ишканасы ээлик кылат", - деп белгиленди маалыматта.
Учурда компанияда 129 адам эмгектенсе, долбоор толук өндүрүштүк этапка чыккандан кийин 600гө жакын жумуш орундары түзүлөрү кошумчаланды.