Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Мен, 4 жаштагы кызым, 5 айлык уулум Орусиянын жараныбыз. Күйөөм Кыргыз Республикасынын жараны. Жолдошум менен жашаганыма 5 жыл болду. Күйөөмдө "кыргыз өлкөсүндө никеси жок" деген маалымдама жоктугуна байланыштуу Орусияда биз никеге туруу боюнча арыз жаза алган жокпуз. Күйөөм Кыргыз Республикасына кызым экөө маалымдама алуу үчүн кеткен эле. Кайра келе жатканда “кара тизмедесиң” деп учакка киргизбей коюшуптур. Мен документ боюнча жалгыз бой энемин, азыр Москвадамын. Кыргыз өкмөтү бизге жардам бере алабы? Кандай түрдө жардам алсак болот? Алдын ала рахмат. Суроо калтырган AinuraZirek
Жооп: "Кара тизме" Орусиянын 11 министрлиги жана ведомстволору тарабынан түзүлөт жана жалпы Орусия Федерациясынын менчиги болуп, жабык маалымат катары эсептелет. Министрликтин Орусия тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнө ылайык, бүгүнкү күндө "кара тизмеден" чыгаруу үчүн төмөнкү категориядагы жарандардын кайрылууларын приоритеттүү түрдө карап жатат (Орусияда билим алган студенттер, күйөөсү же аялы Орусиянын жараны болсо жана жогорку квалификациялары бар жарандар).
Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Орусия тараптын кыргыз мигранттарына байланыштуу болгон чечими белгилүү болду. Тактап айтканда, Орусияга кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынып, анын бир жарым жылын кыргыз жеринде өткөргөн жарандар үчүн кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Эгерде "кара тизмеге" киргизилген кыргыз жараны жогоруда аталган категорияларга туура келе турган болсо, анда бул маселелер боюнча жумуш алып барууга укуктуу болгон орган КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.
Берилген суроо боюнча баса белгилеп кетүүчү нерсе, жолдошу экөөнүн ортосунда нике каттоодон өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу окурмандын жолдошун "кара тизмеден" приоритеттүү түрдө чыгарууга мүмкүн эмес.
Маалымат үчүн: Эгерде "кара тизмеге" киргизилген Кыргыз Республикасынын жараны Орусиянын органдарынын чечимдери менен макул болбосо, анда тийиштүү түрдө жеке өзү же адвокат аркылуу Орусия Федерациясынын көзөмөлдөөчү же сот органдарына кайрылууга укуктуу.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Т.Ажикулов жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.