Кыргыз мамлекети ЕАЭБге толук кирди

2015-жылдын 12-августу кыргыз өлкөсү үчүн тарыхый датага айланды. Кыргыз Республикасы бүгүн Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болду. ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедуралар 22-майда аяктаган. Мамлекетти аталган уюмга кошуу келишимине өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 21-майда, Орусиянын президенти Владимир Путин 13-июлда, Беларустун президенти Александр Лукашенко 24-июлда, Армениянын президенти Серж Саргсян 28-июлда, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 4-августта кол коюп, тийиштүү документтер жана нота Евразиялык экономикалык комиссияга жиберилген. Кыргыз өкмөтү ЕЭК документтерди расмий каттоого алары менен кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлү алынарын маалымдаган эле.
Саналуу сааттардан кийин кыргыз-казак чек арасынан бажы посттору алынганы жатат. Иш-чарага эки өлкөнүн жетекчилиги катышат. 11-август күнү кыргыз жерине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди, учурда Чолпон-Ата шаарында.
Белгилей кетсек, теманы коомдук угууларда, парламент жыйындарында, социалдык тармактарда талкуулоодо эң көп берилген суроолордун бири: "ЕАЭБ Орусияда жана Казакстанда иштеген кыргыз жарандарына кандай жеңилдиктерди берет?" Кыргыз мигранттарынын көбү аталган эки өлкөдө жүргөндүктөн, алардын тагдыры көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсү Данил Ибраев уюмга мүчө мамлекеттердин биринде иштөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына түшүндүрмө берди. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган кыргыз жарандары төмөнкүдөй процедуралардан өтүшү керек (Орусиянын мисалында берилди):

1. Орусиянын мамлекеттик чек арасынын өткөрмө жайында "баруунун максаты" графасында "иштөө" деп белгиленүү менен толтурулган миграциялык картаны көрсөтүүлөрү керек.  

(Маалымат үчүн: Миграциялык картанын бланктары кайсы бир транспорттун (поезд, учак жана башка) түрү менен барган учурда Орусияга кирип жатканда акысыз берилет. Миграциялык карта орус тилинде толтурулат).  

2. Орусиянын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны өлкөгө кирген датадан тартып 30 күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулат. Андан кийин мигрант түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин жарамдуулук мөөнөтүнө карата каттоого турууга тийиш. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында иштеген адам, анын үй-бүлө мүчөлөрү да өлкөнүн аймагынан каалаган мөөнөткө кете алат жана кайра кайтып келишсе болот. Ошол эле учурда ар бир кирген сайын каттоого туруу процедурасы кайталанып турууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары алган адистигине жана квалификациясына ылайык бөлөк ЕАЭБге мүчө мамлекетте кесиптик ишмердүүлүгү менен алектенүү укугуна ээ. 

4. Ишке кабыл алынып жатканда:

- орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшыруунун кереги жок;

- жумушка патенттерди жана атайын уруксаттарды жол-жоболоштуруу талап кылынбайт;

- кыргыз өлкөсүнүн билим берүү мекемелери тарабынан берилген билими тууралуу документтер таануу процедуралары (нострификациялоо) жүргүзүлбөстөн таанылат.

Бул төмөнкүлөргө тиешелүү эмес: 

- педагогикалык; 

- юридикалык;

- медициналык; 

- фармацевтикалык. 

Бул тармакта ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн мыйзам тарабынан белгиленген билими тууралуу документтерди таануу процедурасынан өткөрүү керек. 

5. Кыргыз Республикасынын жарандары эмгек келишимин жол-жоболоштуруу үчүн жеке эсептик эсебинин камсыздандыруу номерин алууга милдеттүү. Ал Орусиянын Пенсиялык фондуна төлөмдөрдү которуу үчүн керек (№167-ФЗ федералдык мыйзамына ылайык, бул төлөмдөрдү расмий иштеп жаткан ар бир орусиялык же чет өлкөлүк жаран төлөөгө тийиш).

(Маалымат үчүн: Жеке эсептик эсебинин камсыздандыруу номерин келген жери боюнча Орусиянын Пенсиялык фондунун бөлүмүнө кайрылуу менен жол-жоболоштурууга болот. Пенсиялык фондго өздүгүн тастыктаган күбөлүктү (паспортту же аны алмаштыруучу документти), убактылуу жашап турууга берилген уруксат кагазын жана миграциялык картаны көрсөтүү керек). 

6. Иштегендердин эмгек стажы, ишке орноштуруучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, пенсиялыктан тышкары, социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн жалпы эмгек стажысына эсептелет.

7. Эмгек ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын медициналык камсыздандыруу полисинин бар болгондугуна карабастан, Орусиянын жарандары сыяктуу эле шарттарда акысыз медициналык тез жардамга укуктары бар.

Буга карабастан, барган өлкөдө өзүнүн жүрүүсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн медициналык камсыздандыруу полисин жол-жоболоштуруу сунушталат (жол-жоболоштуруу үчүн паспорт жана жеке эсептик эсебинин камсыздандыруу номери керек).

8. Кыргыз мамлекетинин жарандары жумушка орноштурган мамлекеттин жарандарыныкындай эле шарттарда жана ошондой эле тартипте социалдык камсыздоого (социалдык камсыздандырууга) (пенсиялыктан тышкары) талап коюу укугу бар.  

Биримдикке мүчө болгон мамлекеттердин жарандарын пенсиялык камсыздоо маселелери жакынкы убакта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда даярдала турган келишим аркылуу чечилмекчи.

9. Ишке орноштуруучу мамлекеттин аймагында өздөрү менен чогуу жашап жатышкан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштеп жаткандардын балдары, ишке орноштуруучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, мектепке чейинки тарбия берүү мекемелерине баруу, билим алуу укугуна ээ.

(Маалымат үчүн: Орусиянын бала бакчаларында жана мектептеринде орун жетишпей калуу көйгөйүнөн оолак болуу үчүн, киргизүү үчүн баланы алдын ала кезекке тургузуп коюу керек. Бош орундар болсо орун  берилет).

10. Эмгекчинин жалданып иштеген ишинен түшкөн кирешесине салык салуу аларды алган биринчи күндөн тартып эле ошол мамлекеттин резиденттери үчүн каралган салык ставкалары боюнча жүргүзүлөт. Орусияда жеке жактардын кирешесине болгон салык 13 пайызды түзөт, ал эми салыкты төлөөнү жалдап иштетүүчү жүргүзөт. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенге чейин кыргыз жеринен барган мигранттар кирешеге 30 пайыздык салык төлөп келишкен.

Кошумча маалымат:

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган Кыргыз Республикасынын жарандары 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта Орусиядан эркин чыгып кетип, кайра кирсе болот. Бул норма Орусия аймагына 3 жылга кирүүгө тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн гана иштейт.     

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин укуктары жана милдеттери 2014-жылдын 29-майындагы "ЕАЭБ жөнүндө" келишимдин "XXVI эмгек миграциясы" бөлүмүнүн 96-98-беренелеринде жана уюмга мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдо камтылат.  

"ЕАЭБ жөнүндө" келишимде каралган "Эмгек миграциясы" бөлүмүндө аймактык укук коргоо органдарынын же Федералдык миграция кызматынын аймактык органдарынын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр тарабынан мигранттардын укуктары бузулган учурда "XXVI эмгек миграциясы" бөлүмүнүн 96-98-беренелерине таянууга болот. 

Ошондой эле алар тарабынан кетирилген кемчиликтерди жоюу максатында аймактык органдарды, кызмат адамдарын көрсөтүү менен аты аталган кызматтардын борбордук органдарына кайрылууга болот.


 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан