SIM-карталарын каттоодон өткөрбөгөн абоненттер 8-августта өчүрүлмөк. Бирок
байланыш операторлору көрсөтүлгөн убакытка чейин колдонуучуларын 100 пайызга каттоодон өткөрө алышкан эмес. Бүгүнкү күндө
1 082 044 абонент каттоодон өткөрүлгөн жок.Маалым болгондой, 7-август күнү Байланыш боюнча өкмөттүн алдындагы мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы
Абдисамат Сагымбаев мобилдик операторлордун өкүлдөрү менен жолугушуп, натыйжада каттоо мөөнөтүн 1-октябрга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө мобилдик операторлорго бир катар тапшырмалар берилген. Анын ичинде SIM-карталарды сатууну токтотуу жана каттоодон өтпөгөн жаңы абоненттерди байланыш менен камсыздоо, каттоодон өтпөгөндөр чалуу аткарып жатканда 10 секунддун ичинде катталуу тууралуу маалыматты берүүнү автоматташтыруу, чек ара аймагындагы абоненттердин SIM-карталарын каттоо боюнча мобилдик топ түзүү тапшырмалары бар.