Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясы дары-дармектерди сатып алууга өтүнмөлөрдү түзүүдө мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге жана кызмат адамдарына карата тартиптик чара көрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо уюмдары 2027-жылга карата дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга өтүнмөлөрдү түзүүдө бир катар каталарга жол берип, документтерди өз убагында тапшырган эмес.
Мындан улам министрлик зарыл болгон дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу жана жеткирүү мөөнөттөрүн бир нече жолу жылдырууга аргасыз болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында борборлоштурулган сатып алууга өтүнмөлөрдү түзүү жана тапшыруу боюнча белгиленген тартип бузулганы аныкталган.