Биз социалдык тармакта

Палестинаны колдогон баннерлер: Израил "Галатасарайдын" үстүнөн УЕФАга даттанды

Израил түркиялык «Галатасарай» футбол клубунун күйөрмандарынын Палестинаны колдогон акцияларына байланыштуу Европанын футбол ассоциацияларынын биримдигине (УЕФА) даттанды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, нааразылыкка күйөрмандардын Палестинаны колдогон баннерлерди көтөрүп чыгышы себеп болгон.

Клубдун президенти Дурсун Өзбек 24-ноябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү аталган маселе боюнча УЕФАга кайрылганын билдирди.

Ал Палестина элине колдоо көрсөтүү саясий эмес, гуманитардык позиция экенин белгилеп, УЕФАны даттанууга саясий өңүттөн карабоого чакырды. Ошондой эле палестиналыктардын башына түшкөн оор кырдаалга кайдыгер карабай турганын айтты.

Түркиялык басылмалардын маалыматына ылайык, Чемпиондор лигасынын алкагында англиялык «Астон Вилла» менен беттештин алдындагы коопсуздук жыйынында да бул маселе көтөрүлгөн.

Эгер күйөрмандар беттеш учурунда Палестинаны колдогон баннерлерди кайрадан жайгаштырса, «Галатасарайга» карата санкция колдонулушу мүмкүн.

Азырынча УЕФАнын расмий чечими тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан