Ырчы Өмүрбек Жанышовдун (Омар) бөгөт коюу чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Өмүрбек Жанышовдун бөгөт коюу чарасын карап, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жана К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиевдин берген кепилдиктери менен Жанышовдун бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Ө.Жанышов алардын кепилдигине алынды.
Жогорку Соттун соттук коллегиясы Талас облустук сотунун эч жакка кетпөө жөнүндө тил каты тандалган аныктамасын өзгөрттү.
Эскерте кетсек, Талас райондук сотунун 2015-жылдын 28-июлундагы токтому менен Омардын 2015-жылдын 28-июлундагы кармалуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, бөгөт коюу чарасы катары 2015-жылдын 20-августуна чейин камакка алуу түрү тандалган.
Талас облустук сотунун соттук коллегиясы 3-августта карап, Талас райондук сотунун 28-июлдагы токтомун өзгөртүп, кармалуусун мыйзамсыз деп тапкан. Ошондой эле бөгөт коюу чарасынын түрү өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каты тандалган. Тергөө бүткөнгө чейин ырчы Омарга Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынан эч жакка кетпөөсүнө жана Талас облусунан сыртка чыгууга тыюу салынган.