Чүйдө зордуктоо, уурулук, акча талап кылуу фактыларына шектелген үч жаран изделүүдө. Бул тууралуу 8-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган Шамырканов Кубанычбек Шапакович Ысык-Ата райондук ички иштер органдары тарабынан зордуктоого шектелип изделип жатат. Ал эми Нарын облусунда 1987-жылы туулган Токтоналиев Үмөш Бектурсуновичке акча талап кылуу фактысы боюнча издөө жарыяланган. Талас облусунда 1976-жылы туулган Ашыров Нурдин Рысканович "уурулук" беренеси боюнча изделүүдө.