Эмилбек Каптагаевдин маянасына 3 жыл ичинде мыйзамсыз кошумча акы төлөнгөнү боюнча кылмыш иши козголду

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө мыйзамсыз кошумча акы төлөнгөнү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын июль айына чейин аталган өкүлчүлүктүн башчысы Эмилбек Каптагаевдин, анын орун басарларынын жана башка кызматкерлеринин маяналарына ай сайын 25 пайыз кошумча акы төлөнгөн. Жыйынтыгында мамлекетке 781 миң сом көлөмүндө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Edik_86
2015-09-10 16:25:18
БУЛ акебиздин баскан турганы мага падаздрителный корунчу эле мурдале буну текшеришке уруксат берген ашаага рахмат ато канча окмот алмашсада бул агабыз креслодон тушпой койдуле
+4
Adambol
2015-09-10 16:28:56
Эгер уурдаганы чын болсо ууруларды камаш керек АША айткандайй
+2
Dadasdasd
2015-09-10 16:30:15
Оппа опа
0
bolotbai
2015-09-10 17:00:06
Ысык колдун ХХХ ХХХ ХХХ...
Аа жылдызы жанып,жузунон нур чачып турса ал демек мамлекетке пайдасы чоон тийе турган адам.
-2
admin_portal
2015-09-10 17:07:06
bolotbai - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
bakyt_2015
2015-09-10 17:10:00
Бул кишинин финансы махинациялары абдан коп деп айтып калышат билген адамдар. Ысык-Кол облусуна ыраматылык Жумгалбек Аманбаевтен кийин деле жарытылуу губернатор келбеди. Бут эле эт менен челдин ортосунда кыбырагандар анан шуйтундаган жеп ичерлер келчу болду.Жумгалбек Бексултановичти Кол эли 100% сыйлаар эле. Атанкоруу бири кем дуйно аз жашады ыраматылык киши, кыргыз дегенде жанын берген адам эле.Жакшы киши тиги дуйного да керек окшобойбу.Азыркы бок курсактардын мининен артык эле.
+4
adilbars
2015-09-10 20:27:11
Камаш керек башка кылмыштары да бар го
+2
AiBoru
2015-09-10 21:21:52
Буга окшоп жеп жутарлар дагы канча. Ошонун баарын текшерип ордуна койсо Кыргызстаныбыз бир топко ойдолоп калмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан