Жалал-Абад мэриясы 90 жашын белгилеген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин куттуктады

Жалал-Абад шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Софин Гоффан Вильдановичтин бүгүн 90 жаш кутман курагы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 10-сентябрда билдирди.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдалы Темирбаев, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Асанова барып ардагерди куттукташты. Шаардык мэриянын жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн атынан ага акча каражаты жана куттуктоо баракчасы тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан