Башкы прокуратура БШКга Карганбек Самаковду, Игорь Чудиновду жана Искендер Айдаралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сунуштады

Бүгүн, 10-сентябрда Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер: Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковду, экс-премьер-министр Игорь Чудиновду жана экс-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта Самаковдун Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча тергөө улантылып жатканы жана ага тиешеси бар делген жарандар жоопко тартылып жатканы айтылат. 

Ал эми Башкы прокуратура тергөөдө өкмөттүн аталган жер тилкесин трансформациялоо боюнча токтому мыйзамсыз чыгарылганын ырастап, өкмөткө токтомду жокко чыгаруу сунушун киргизген. Өкмөт 3-сентябрда келтирилген сунушту канааттандырганы айтылды. Мындан улам прокуратура жогоруда аты аталган адамдарды кылмыш жообуна тартууну сунуштап жатат. 

Эскерте кетсек, Самаков 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталып, ушул жылдын 14-майында ага карата кылмыш иши козголуп, камакка алынган. 2015-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Самаковго карата бөгөт коюу чарасын карап, 2 айга үй камагына алуу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Umar080814
2015-09-10 23:55:28
искендер айдараливден башкасын камагыла
-4
kubat_1973
2015-09-10 23:57:33
Бул башкы прокуратуранын эн алгачкы туура кадамы деп эсептейм.Ушуну менен эле токтоп калбастан дагы толтура кылмышкер кандидаттардын баарына тен кылмыш ишин козгшу керек.Жана да оз бала огой бала деп болбостон бийликтин партиясындагы кылмышкерлерге да чара коруусу керек.Эгерде элден бата аброй алабыз дешсе.
+1
shiko
2015-09-11 03:56:41
Шайлоого чейин коз го бой эмне кылып журот эле
+1
Mongol1155
2015-09-11 05:40:09
Кылмышкер адамдарды оз тизмесине кошкон партияларды шайлоого катыштырбай койсо болмок.Регистрация кылганга чейин тисмесин жакшылап такташ керек эле да.Бул жерде да Бардак...
0
bolotbai
2015-09-11 06:59:01
Чу дегенде эле Чудиновду камаш керек эле да.Мен тан калып жургом Чудинов Бакиевдин убагында коррупцияны гулдоткон,эмнеге жоопко тартылбайт деп.Ойлогом Кыргызстандан качып кеткен гоо деп.Эми куноосун далилдеп камап салгыла.Карганбек Самаковго тийишбей койсо да болчудай,ал киши ЮНЕСкодо коп жакшы иш кылып жаткан эле Кыргызстан учун.
-1
tilek-x
2015-09-11 08:02:36
Чудиновду Бир бол партиясы кошкондо тан калгам эмне буга кылмыш козголгон эмеспи деп бул бийликке да ишенич кете баштады эле Эми акырына чейин чыккыла. Вор должен сидеть тюрьме!
+2
onuguu
2015-09-11 08:25:52
Ушул убака чейин эмне кылып журду экен. же таппай жатышканбы?
+2
uulay
2015-09-11 09:37:19
Тоокко окшобой эртерээк аракет кылышса эмне болушат? Ушунусуна да шугур,шайлоо откондон кийин ойлонушса эмне болот эле..
0
uulay
2015-09-11 09:37:19
Тоокко окшобой эртерээк аракет кылышса эмне болушат? Ушунусуна да шугур,шайлоо откондон кийин ойлонушса эмне болот эле..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан