Быйыл 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалган. Ал кылмышын моюнга алып, окуя болгон жерге барып, тергөөчүлөргө өлтүрүү кандай болгонун көрсөтүп берди.
Айыпталуучу: - 12-август түнү үйдүн конок бөлмөсүндө балдарым менен уктап жатканымда сырттан жолдошум келди. Сырттагы домофонубуз бузулгандыктан, жолдошум эшикти ача албай мага телефон чалып, "ачкычты ыргыт" деген. Үйгө киргенден кийин уктоочу бөлмөгө кирип чечинген. Бөлмөдө отурдук, сүйлөштүк, анан төшөк салып бергем.
Тергөөчү: - Жолдошуңуз ал күнү кайда болду?
Айыпталуучу: - Күйөөм Эрмек деген агасынын үйүндө болгонун айтты. Ал "Эрмек байке жакшы киши, келинчеги тамакты мыкты жасайт экен, аябай даамдуу аш бышырып берди. Сен эмнеге мындай жасай албайсың? Сенин тамагың боктой" деп мени кемсинте баштады. Ага улай мага бардык нааразычылыктарын айтты.
Тергөөчү: - Канча убакыттан бери сизди кемсинтип келген?
Айыпталуучу: - Мурун мамилебиз жакшынакай эле болчу, бирок акыркы бир айда кемсинтип, кол көтөрүп калган. Ызаланып кеттим, анткени мен өскөн үй-бүлөдө мындай көрүнүш болчу эмес.
Тергөөчү: - Нааразычылыктарын айткандан кийин эмне болду?
Айыпталуучу: - Мен чыдабай кетип бакырганымда, жолдошум мени тепкилеп, бетиме чапты. Ашканага качып кеттим. Ал жерден бычакты алып, аркама бекитип алгам. Жолдошум келип мени урайын дегенде, өзүмдү коргоо максатында бычак менен ичине жана төш жакка бир нече жолу сайдым. Анан ал акыркы жолу "Эмне үчүн, алтыным?" деген сөзүн айтып жан берди.
Тергөөчү: - Өлтүргөндөн кийин эмне кылдыңыз?
Айыпталуучу: - Кылмышты жашыруу үчүн эмне кыларымды билбей, таңкы саат бешке чейин ойлонуп отурдум. Эртең менен балдарымды бала бакчага жеткирип келип, жолдошумдун жансыз денесин жиликтедим. Андан соң кесилген колдорун, буттарын такси менен шаардагы таштанды таштоочу челектерге таштап салдым.
Айта кетсек, кылмышка шектүү менен Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан. Алардын 3 жана 2 жаштагы эки уулу бар. Аялы кылмышты өзү жасаганын айтууда. Кылмышка шектүү 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн. Ал эми маркум, 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов бир жолу колдонуучу идиш-аяк чыгарган ишкананын жетекчиси болгон. Бир канча жыл Англияда жана Кытайда иштеп келгени белгилүү болду.
Учурда кылмышка шектүү жаран, 26 жаштагы С.А. убактылуу кармоочу жайда отурат.