Алмамбет Шыкмаматов: “Парламенттик системди жарабайт дегендер - авантюристтер”

“Айрым партиялар прокуратура системин жоюп же өкмөттүн карамагына өткөрөбүз деп убада берип жатышат. Мен юрист катары айтат элем, прокуратура системин жоюп салуу - саясий чабалдык, жоопкерсиздик. Анткени прокуратура системи - укук коргоо системиндеги бирден-бир түркүк, бул орган мамлекетте болуп жаткан мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт. А мыйзамдын аткарылышы аткаруу бийлигинде болот. Анан аткаруу бийлигине прокуратураны кошуп койсо, кантип премьер-министрдин ишине, өкмөттүн чечимдерине көзөмөл кыла алат, мыйзам бузулса, кантип протесттерди жокко чыгара алат? Ошондуктан бул өтө эле жоопкерчиликсиз түрдө берилген убада”,- деп билдирди Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн Казарманда шайлоочулары менен жолугушуусунда.

Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер “мурдагы эски конституциялык системди киргизебиз, парламенттик систем жарабайт” деген да убадалар берилип жаткандыгын сындап, аны авантюризм деп атады.

“Шайлоо алдында партиялар программаларын, саясий божомолдорун айтышат, толгон-токой убадаларын беришет. Бул шайлоонун табигый талабы. Бирок ким бекер убада, кимиси куру убадаларды берерин өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бул дүйнөдө баары салыштырмалуу жүрөт. Актын ак экенин акка, каранын кара экендигин карага салыштырып, жаманды жакшыга, жакшыны жаманга салыштырып билебиз. Ошондуктан баарын салыштырып, тарыхына көз чаптырып, кайсы партия кайсы убадаларын аткарды, кайсыларын аткарбай кеткендигин анализдеп, анан добуш бериңиздер. Анткени бул шайлоо ар бирибиздин жарандык жоопкерчилик менен мамлекетке, коомго болгон милдетибизди аткарган болобуз”,- деди Шыкмаматов.

Мындан тышкары "ата мекенчи" Кыргызстандагы эң касиеттүү тоолордун бири Жылаңач-Бугу тоосун байырлаган Тогуз-Торо аймагынын касиетине токтолду. “Мындай касиеттүү жерде касиеттүү эл жашайт. Касиетиңиздерден жазбай, алдамчыларга, көз боёмочуларга ишенбей, жети өлчөп, бир кесип добуш бересиздер, бул жолу да бизди колдойсуздар деген ишенимдемин”,- деп кошумчалады.

Сөз соңунда Тогуз-Торо мал киндиктүү жер экенин айтып, “Ата Мекен” партиясынын программасында малдын асыл тукумдуулугун арттыруу каралганын жана шайлоодон кийин ал убаданы аткарарын белгилегени айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан