Мамасадык Тургамбаев, Кызыл-Аскердин тургуну: “Ата Мекен” - бийликтин тескери кадамдарын негиздүү сынга алган жалгыз партия”

"Азыр Кыргызстандагы партиялардын көбү эл арасында саясий упай топтоо максатында аткарылбай турган убадаларды беришип, элди дүрбөтүп келатышат. “Ата Мекендин” башка партиялардан айырмасы – эч качан элди куру убада менен жайгарып кетпейт. Программасына камтыгандардын баарын аткарарында шек жок. Анткени бул партия - өлкөнүн эгемендиги менен жашташ келаткан жана ошондон бери карапайым калктын кызыкчылыгын көздөгөн, өлкөдөгү мыйзамсыздыктарга каршы чыгып, бийликтин тескери кадамдарын негиздүү сынга алган жалгыз партия". 

Мындай пикирди Бишкектин Кызыл-Аскер аймагынын тургуну, Жергиликтүү аймактык башкармалыкта аксакалдар сотунун төрагасы, пенсионер Мамасадык Тургамбаев айтканын партиянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Тургамбаев партияга иш билги адамдар жыйналганын белгилейт. 

"Талапкерлердин катарында биздин уулубуз Рысбай Аматов сыяктуу иштин көзүн билген, идея менен билимге сугарылган жаш талапкерлер арбын. Бул жигит Кызыл-Аскер аймагынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп жатат. Бул татыктуу жигит. Мен аны 20 жылдан кем эмес убактан бери жакшы тааныйм. Дайыма элге жакын, районубуздагы көйгөйлүү маселелерди дилгирлиги менен көпкө создурбай чечип келген жигит. Кызыл-Аскерди билесиздер, борбордук жолдор гана асфальтталган, а ички жолдор каралбай жатчу. Рысбай Аматов “Гималай” кафесин жетектеп турган кезинде эле кызыл-аскерликтердин бардык көйгөйлөрүн чечип берчү. Өзүнүн кабинетине арыз-муңун айтып келген жарандарды кабыл алып, маселесин чечип жолго салчу. 

Андан кийин шаардык кеңешке депутат болуп шайланды. Анда да биздин “тез жардам кызматыбыз” эле. Кандайдыр бир көйгөй жаралса, өзү берген телефон номуруна байланышсак, заматта жетип келип, маселени чечүү жолун караштырып калчу. Көпчүлүк талапкерлер шайлоо алдында гана элдин алдынан өтүшөт. “Мени шайлап берсеңиздер” деп, биртике акчасын чачышат. Шайлоодон өтүп кетсе, убадалары ошол боюнча калат, аткарылбайт. Ал эми Рысбай Аматов жыл бою калкка жардам бергенди унутпайт, ал үчүн кайрымдуулук көнүмүш адатка айланган",- дейт шаар тургуну.

Кызыл-Аскердин жашоочусу аталган ишкер жыл сайын Балдарды коргоо күнүндө бөбөктөрдүн көңүлүн алып, өз каражатынын эсебинен балмуздак таратып, оюн-зоок программаларды тартуулап келерин, согуш ардагерлерин да унутта калтырбай турганын белгилейт. 

"Эл болгон соң көйгөйлөр болбой койбойт. Бала бакча, балдар ойноочу аянтчалар, жолдорду куруу жагынан да кол кабыш кылууда. Баарынан да эки күндүн биринде жарык өчүп, караңгылык каптаган жашоодон кутулганыбыз үчүн ага терең ыраазыбыз. Азыр шаар ичинен кем калышпай, жарыгыбыз жетиштүү. Кыскасы, Рысбай Аматовдо шайлоо алдында элге-журтка жакшы көрүнүү деген ой жок. Мындай жигиттер депутат болсо, өлкөнүн өнүгүшүн алга сүрөп, өз салымдарын кошушат",- деп талапкерге ишеним артарын билдиргени айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан