2-3-март күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Ооган согушунун катышуучусу, "Кызыл Жылдыз" орденинин кавалери Виктор Москальченконун элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Спорттук иш-чарага Кыргызстан жана Казакстандын 50 спортчусу катышты. Жеңүүчү болгон Кыргызстандык балбандар: Акжол Махмудов, Ынтымак Касымов, Адилет Таалайбеков, Тынчтыкбек Абдыкеев, Элмарс Талантбек уулу, Рустам Рахматуллаев, Азат Нурланов, Самат Чоноралиев, Үзүр Жузупбеков жана Бексултан Махмудов болушту. Ал эми казакстандык жеңүүчү болгон спортчулар: Елубай Эрлик жана Махамбет Нурлан.