"Ата Мекен" партиясынын лидери Жапалактын эли менен жолугушууда

Ушу тапта “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Медеткан Шеримкулов үгүт кербенинин алкагында Ош шаарына жакын жайгашкан Жапалак айыл аймагынын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага “Улуттар биримдиги” партиясынан Искендер Гайпкулов баштаган талапкерлер да катышууда. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарба багытында турмуш кечиргендиктен, жолугушууда партия лидерине айыл чарба, ошондой эле жол, социалдык маселелер тууралуу арбын суроолор берилди.

Калктын суроолоруна жооп берүү менен бирге партия лидери Өмүрбек Текебаев алдыдагы шайлоонун маани-мазмунуна токтолду.

“4-октябрдагы шайлоо – тагдыр чечүүчү окуя. Ал күн өлкөбүздүн келечегине түздөн-түз таасир этип, мындан кийинки жашоо-турмушубуздун оңолуп же артка кетишин аныктайт. Ошондуктан өнөктүккө активдүү катышып, татыктуу добушуңуздарды берүү менен келечекти жакшырта аларыңыздарды унутпаңыздар”,- деди Текебаев.

Ошондой эле бул жолугушууда энергетика, отун-суу, өлкөдөгү табигый кендерин иштетүү жана башка маселелер туурасында сөз болгону баса белгиленет маалыматта. артиянын үгүт кербени өз жүрүшүн Баткен облусун көздөй улантмакчы",- деп билдирет басма сөз кызматы.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан