“Ата Мекен” партиясынын үгүт кербени бүгүн, 28-сентябрда Лейлек районунун Исфана шаарында уланды. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, борбордук стадионго “ата мекенчилердин” шайлоо алдындагы программасы менен таанышууга 3 миңден ашуун эл чогулуп, пикир алышууга партия лидери Өмүрбек Текебаев, талапкерлер Медеткан Шеримкулов, Болот Шер, Сайдулла Нышанов, Мурат Жураев жана башкалар катышты.
Эл партия лидерин жана талапкерлерди жылуу тосушканы, чогулгандардын алдында алгач Медеткан Шеримкулов сөз сүйлөп, Исфана шаарынын тарыхы жана келечеги тууралуу маалымат бергени айтылды.
“Исфана – Баткен облусундагы эң ири шаар, Лейлек районунун борбору. Мында үч улуттун эли, жалпысынан 28 миңден ашуун жаран жашайт. Көп жылдар бою элдердин ынтымагы бекем жана жакшы ымалада жашап келишет. Бул аймак менин экинчи мекенимдей эле болуп калды. Бир тууган эжем ушул айылда жашагандыктан, 15 жыл бою тез-тез каттап жүрдүм. Келечеги кең шаар”,- деп билдирди Шеримкулов.
Талапкер Сайдулла Нышанов өз сөзүндө “Ата Мекен” партиясынын кадыр-баркы Кыргызстандын бардык аймактарында жогору, ал тургай социалисттик партия катары дүйнө таанымына ээ болгон партия экендигин белгиледи. “Эгерде “Ата Мекен” партиясын колдоп берсеңиздер, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган бардык максаттарыбызды ишке ашырабыз”,- деди ал.
Исфаналыктар негизинен дыйканчылык: тамеки, жашылча жана мөмө-жемиштерди өстүрүү, мал чарбасы, кой, эчки, бодо мал багуу менен алектенери айтылат маалыматта.
Ал эми партиянын кезектеги үгүт сапары Баткен шаарына багыт алмакчы.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.