СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльдар Абакиров Токмок шаарындагы №7-орто мектептин жамааты менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда мугалимдер кадр тартыштыгы көйгөйүн көтөрүштү.
Абакиров СДПК мугалимдердин социалдык статусун көтөрөрүн билдирди. "Өзүбүздүн саясий платформанын алкагында окутуучулардын маянасын көтөрүүнү камсыздайбыз жана адилеттүү, татыктуу пенсиялык камсыздандырууну жолго коёбуз. Партиянын пландарында жакынкы эки жылда авариялык абалдагы мектептердин баарын жаңылоо иши дагы бар",- деди талапкер.
Абакиров партия айылдарда билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун үстүнөн иштей турганын айтты. Мындан тышкары алыскы айылдарды мугалим менен камсыздоо үчүн гранттык орундарды көбөйтүү, педагогика тармагында окуган студенттердин стипендиясын 2000 сомго чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.
"Акырындык менен өлкөдө көптөгөн маселе чечилет, бюджеттик мекемеде иштегендердин айлыктары көтөрүлөт, жолдор, мектептер, ооруканалар курулат. Балдар ойноочу аянттар жана спорттук мекемелер ачылат. Тилекке каршы, кыргызстандыктардын баары эле келечекке ишенимдүү карай бербейт. Ал эми биздин максат - ар бир жарандын туруктуу жана ыңгайлуу шартта жашашын камсыздоо. Башталган иштерди аягына чыгаруу үчүн президентке тирек керек, биз силер менен гана тирек болуп бере алабыз",- деди СДПК өкүлү.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.