Биз социалдык тармакта

Өлкөдө балдарды мектепке чейинки билим алууга тартуу акыркы эки жылда 2,6 пайызга жогорулады

Өлкөдө балдарды мектепке чейинки билим алууга тартуу акыркы эки жылда 2,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Билим берүү министрлигинде Европа союзу менен түзүлгөн үч жылдык келишимдин аткарылышы боюнча Байкоочу кеңештин өткөрүп жаткан жыйынында белгилүү болду. Маалым болгондой, балдарды мектепке чейин билим алууга тартуу 2013-жылы 17,4 пайызды түзсө, 2015-жылдын ушул маалына чейин ал 20 пайызга жеткен. Мындай көрсөткүчтөр өлкөдө жаңы бала бакчаларын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ишке берүү менен аткарылган. 
Быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта 480 сааттык программа ишке кирди. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектепке баруусун жана анда билим алуусун жеңилдетиш үчүн кээ бир мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында пандустар орнотулуп, жана башка ыңгайсыздыктар жоюлган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан