Алмамбет Шыкмаматов: “Пенсионерлерге татыктуу жашоо тартуулоо – “Ата Мекендин” негизги милдети”

"Биз пенсионерлерге жана ардагерлерге кандай мамиле кылсак, кийин бизге да ошондой эле мамиле болот. Бул тезис “Ата Мекен” үчүн жол көрсөтүүчү багыт болуп саналат жана партия пенсионерлер менен калктын корголбогон катмарынын турмушун жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшамакчы". Мындай пикирди “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районунун Кайрыма айылынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер улуу мундун өкүлдөрү илгертеден салттуу түрдө жакындарынын сый-урматына ээ болуп келишкенин белгиледи.

“Пенсионерлерге мамлекеттик деңгээлде сый-урмат жана камкордук мамиле жасалуусуна жетишүүгө эмнеге болбосун? Бардык жарандарга татыктуу жашоо дегендик – жөн гана лозунг эмес. Бул - “Ата Мекен” партиясынын пенсионерлер менен майыптар үчүн өз убагында индексациялап туруу жаатында мыйзам талаптарынын аткарылышы, улгайган адамдарга жардам көрсөтө турган программа иштеп чыгуунун үстүндө даяр экендиги”,- деди Шыкмаматов. 

Талапкер мындан тышкары партиянын программасында улгайган жана кары адамдарга медициналык жана социалдык жардам көрсөтө турган медико-социалдык профилдеги борборлорду түзүү, ардагерлерди республиканын жигердүү турмушуна катыштыруу мамлекеттик программасын иштеп чыгып, алардын билими менен тажрыйбасын жаштарды тарбиялоо ишинде жана коомдо моралдык-адеп-ахлактык түркүктөрдү калыптандырууда пайдалануу каралганын айтканы белгиленет маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан