"СДПК - Кыргызстандын элине тынчтык жана саясий туруктуулук алып келген партия. Дал ушул категориялар өлкөнүн кайра жаралышынын маңызы",- деп билдирди СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аалы Карашев Өзгөн шаарынын жашоочулары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер СДПК үгүт учурунда аймактардын тургундары менен кездешүүлөрдү күчөткөнүн айтты.
"Жашоону жакшыртуу боюнча айткан силердин сунушуңар көңүл сыртында калбайт. СДПК - адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн партия, биз Кыргызстан Борбор Азиядагы иштөөгө жана жашоого эң ыңгайлуу өлкөгө айланышы үчүн иштеп жатабыз. Көптөр силерге алтын тоолорду, бейиштегидей жашоону убадалап жатышат. Ал эми СДПК өзүнүн иштери, жетишкендиктери жана ийгиликтери тууралуу айтууда",- деди Карашев.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.