Саясий серепчи Бакыт Бакетаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын шайлоо алдындагы абалы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда партиянын маалымат кызматы маалымдады. Маалыматка таянсак, серепчи буларды айтты:
"Бул шайлоодогу саясий партиялардын жарышында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы, алынган маалыматтар боюнча, 2-орунда келе жатат. Ага “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 3 жылдан бери машина-трактордук станцияларды куруп, элдин саламаттыгын текшерип, жол, суу маселесин чечип, эл агартуу тармагында алгылыктуу жумуштарды жасап келе жатканы себеп болууда. Албетте, айыл жергесинде да партияны колдой тургандар көп. Шаардын элине да ”Жарык шаар” сыяктуу долбоорлору жакты. Бул жакшы көрсөткүч. Ушул ыргак менен кетсе, партия сөзсүз Жогорку Кеңешке өтөт деп ишенебиз".
№8 - "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын катар номери.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.