Бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары менен Тажикстандын ортосундагы оюн старт алды. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүп жаткан беттешке ирандык башкы калыс Муд Бониядифар 20:00дө старт берди.
Башкы калыска майданда Реза Сохандан жана Мохаммадреза Мансури көмөк көрсөтмөкчү.
Кошумчалай кетсек, бул беттеш Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында орун алууда жана командалар 3 упай талашуу үчүн жолугуп жатат. Кыргыз футболчулары 2-орунга жарышты улантуу үчүн сөзсүз жеңишке жетишүүгө тийиш.
Азырынча Дүйнө чемпиондугуна жолдомону кайсы команда алары белгисиз, себеби алдыда дагы үчтөн оюн бар. Тайпада 1-орунду ээлеген команда Дүйнө биринчилигине жолдомо алат. Ал эми орунду ээлеген команда Дүйнө чемпиондугуна жарышты улантат жана Азия чемпиондугуна жолдомо алат.