"Түрмөдөн качуу": Абактан качкан кылмышкерлер кармала элек, аларга эл аралык издөө жарыяланды

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен 4 кылмышкер кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына ЖАМКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмышкерлерге эл аралык издөө жарыяланды.
Айта кетсек, түрмөдөн качууга аракет жасаган 9 кылмышкердин бешөөсү кармалган, калган төртөө изделүүдө. Алар:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМКка жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылуу керек:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – 68-05-37

ЖАМКтын ишеним телефону – 43-11-77

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kobra86
2015-10-14 09:18:22
Кармалганга чейин адамдарга залал келтиришпесе экен эми
+2
maksat-kg-kg1
2015-10-14 09:35:42
кармалды го
0
maksat-kg-kg1
2015-10-14 09:37:29
кечээ кечки саат 12:15 чамасында Бишкек Кордай унаа жолунда кармалды.
0
amanatym
2015-10-14 09:42:48
maksat-kg-kg1,Кордунорбу?
0
Medina87
2015-10-14 10:14:47
Кармалды дегенинерден кубанып атам,жазаларын алышсын!
+1
timarama91
2015-10-14 10:33:53
Жоктон чыккан исламисттер десе. Кармап, ХХХ ХХХ ХХХ... Аяштын кереги жок буларды
+2
admin_portal
2015-10-14 13:06:58
timarama91 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
warsaw.
2015-10-14 11:22:24
кармалгандар башка булар башка
0
Arslan12
2015-10-14 11:56:22
Жараат алган баланын ден-соолугу жакшы бекен, аман-эсен сакайып кетсин
+1
Arslan12
2015-10-14 12:01:46
Эл-аралык издоону эмнеге кеч жарыялашты, кыргызстандан чыгып кеткендир
0
Мэри
2015-10-14 12:16:04
Бул сүрөттөр жаңы сүрөттөрбү, б.а. учурдагы, түрмөдөгү... Айтайын дегеним, түрмөдөн тартылган болсо, бул айыпкерлердин жапа тартканы, санаа тартканы, кыйналганы билинбейт го, дендери сак, жакшы тамактанганы көрүнүп турат ))) Мен ойлогом, абакка түшкөндөрдүн баары арык, оорукчан (кургак учук) болуп калышат, анткени көп ойлонушат, кыйналышат депчи...
0
Мэри
2015-10-14 12:20:25
Сүрөттөрүн көргөн сайын "аллергия" болуп жатам (көрбөйүн десем да көргөнгө туура келип)...
0
nuriyaeljan
2015-10-14 12:37:50
ушул кылмышкерлер бизде Алланын жолунда жургон таксыр акелерибизге да зыянын тийгизе турган болду окшойт сакалдары менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан