Бишкектин Эне-Сай конушунда милиция кызматкерлери түрмөдөн качкан кылмышкерлердин дагы биринин, болжол менен
Азамат Мусуралиевдин изине түшүштү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына ИИМден билдиришти.
Алардын айтымдарында, аталган аймакта изделип жүргөн Мусуралиев бутунан жаракат алган. "Милиция кызматкерлери ар бир унааны токтотуп текшерип жатышат. Мындан тышкары конуштагы ар бир турак жайда издөөлөр жүргүзүлүүдө",- дешти Ички иштер министрлигинен.
Ал эми башка эки кылмышкер кайсы жерде болушу мүмкүндүгү жөнүндө ыкчам маалымат иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча берилген жок.
Айта кетсек, бүгүн түрмөдөн качкандардын бири
Данияр Кадыралиевдин өлтүрүлгөнү
белгилүү болгон. Анын жанынан бир нече бычак табылган.