Бишкек ШИИББи: №38-мектептеги окуучулардын ортосундагы мушташтын себебин милиция тактап жатат

Бүгүн, 20-октябрда эртең менен Бишкекте Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын окуучулары менен №38-мектептин окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Учурда милиция кызматкерлери мушташтын себебин тактап жатышканын SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 
"Азырынча мушташ эмне себептен чыкканын жана канча окуучу жаракат алганын айта албайбыз",- деди басма сөз өкүлү.
Спорт мектебинин 30 чакты окуучусу №38-мектептин айнектерин арматуралар менен сындырып жана 5 окуучуну токмоктоп кетишкени айтылган. 
Эскерте кетсек, буга чейин 16-сентябрда аталган окуу жайлардын окуучуларынын ортосунда ызы-чуу чыгып, 6 бала жабыркап, айрымдары бычактан жаракат алышкан. Ушул окуянын айынан спорт мектебинин айрым жетекчилери кызматтарынан бошотулушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sabirdinovich
2015-10-20 21:38:27
Тактагандан да жакшы тактагыла. Катыштыгы бар окуучуларды жана бардык мугалимдерди жоопкерчиликке тарткыла. Бул спорт мектепти жабуу керек, пайдасынан зыяны көп. Имаратты болсо балдар бакчасына бергиле, спонсорлор сөзсүз табылат.
-1
sale-81
2015-10-21 14:44:00
sabirdinovich,бул ызычууну 38 школабаштаган, спорт школанын жалгыз жургон балдарын кармавалып коркута беришчи, канчажолу спорт школанын айнектерин талкалады , ал школанын деректору унчукмак тугул оз балдарын наказыватеткен,баардыгын туура чечкенде бул жерде 38 школанын балдары чыгат, мен ощо райондо жашайм канча жолуу кордум, уктум 38 балдары кылгандарын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан