Өлтүрүлгөн кылмышкер Азамат Мусуралиев Сокулукта жарандардын биринен телефон, төшөк, нан сурап, ал жаран милицияга кабарлаган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз кабарлады. "Кылмышкер аталган аймактагы бир дыйканга барып телефон, төшөк, нан сураптыр. Дыйкан "менде жок" десе кылмышкер кете берген. Андан соң дыйкан милицияга телефон чалып кабарлаган",- деп билдирди ал.
Абактан качкан кылмышкерлерди издөө иштери өткөн аптада Дордой, Эне-Сай конуштарында жүргүзүлгөн. Алардын бири
Данияр Кадыралиев 16-октябрда түшкө маал
Дордой конушунда өлтүрүлгөн.
Изделип жаткан 2 кылмышкер:
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
