Бишкекте 2015-жылкы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндары өтөт

17-19 жана 21-март күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо АФКнын Чакырык Кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди. АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргызстан, Макао, Пакистан жана Тажикстан командалары өз ара бирден оюн өткөрүшөт. Оюндардын жадыбалы төмөндөгүдөй:

17-март 11:45. Пакистан - Тажикстан  15:45. Кыргызстан - Макао

19-март 11:45. Тажикстан - Макао  15:45. Кыргызстан - Пакистан

21-март 11:45. Макао - Пакистан  15:45. Кыргызстан – Тажикстан

Бул мелдеш тууралуу Канат Асенов менен кыскача маектештик.

- Саламатсызбы, Канат мырза? Бишкектеги ири футболдук саамалыкты өткөрүү алдында турабыз. Уюштуруу жагынан даярдыктар кандай?  

- Саламатылык. Негизи, уюштуруу жагынан маселе жарала элек. Командалар толук башкы курам менен келгени турат. Ошондой эле чет элдик 12 футбол калысынын келүүсү күтүлүүдө. Чет жерден жана биздин өкмөттөн сыйлуу кишилердин оюндарга күбө болору тууралуу айтсак да болот. Эл деле футболду сагынса керек, буюрса стадион толот деп ойлоп жатабыз. Оюн бүткүл Кыргызстанга түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Ал эми билеттер оюн күндөрү стадиондун алдында сатылат, баасы 100 сомдон. 

- Бул маанилүү саамалыктын Кыргызстанда өтүп калуусу таң калуу жаратпай койбойт. Уюштуруу тобу эмне үчүн Бишкекти тандады?  

- Бул тандап алуу оюндарын Бишкекте өткөрүү боюнча арызды мурда эле берип койгонбуз. Буга чейин АФКнын өкүлдөрү келип, биздин стадион менен таанышып кетишкен. УЕФАнын президенти Мишель Платини келгенде “Легендалар кубогун” жогорку деңгээлде уюштурганыбызда бизге ишеним жогорулап, упай ала алдык деп ойлойм. Молдавия аралдарында өткөн АФКнын жыйынында арыздарды карап чыгып бизди тандашты.   

- Оюндарга Улуттук курама команданын даярдыгы кандай? Негизи эле оюндун жалпы жобосу боюнча айтып берсеңиз. Бул 2015-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алып келиши мүмкүн да...  

- Жакшы деп жооп берүүгө болот. Анткени футболчуларыбыз жыл башынан бери Кувейт, Бахрейн жана Түркия мамлекеттеринде сбор өткөрүп келишти. Жобо боюнча айтсак, өзүңөр билгендей бул АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына тандап алуу оюндары. Бул тайпадан тышкары 4 тайпа бар. Ар бир тайпада биринчи болуп чыккан командалар финалдык баскычта өз ара ойноп, чемпионду аныкташат. Жеңүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат. Бул жерде Ооганстан, Индия сыяктуу күчтүү курама командалар бар. Ал эми биз билген Япония, Түндүк жана Түштүк Корея, Иран бул жерде жок. Кыргызстандын чемпион аталууга болгон мүмкүнчүлүгүн мен жогору баалайм.  

- Рахмат маегиңизге, мелдештин мыкты уюштурулуусуна тилектешпиз...  

1. Канат Асенов

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан